Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Бабалар айткан сармерден, окууда болсун бизге дем

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Бабалар айткан сармерден, окууда болсун бизге дем” аттуу факультеттер аралык  сармерден болуп өттү. Сармерденге Медицина колледжинин профессор окутуучулары жана студенттери,  Кочкор-Ата колледжинин профессор окутуучулары жана студенттери катышты. Сармерден  жогорку деӊгээлде болуп, кыз-жигиттердин айтышуусу  залдагы көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрдү. Эки колледждин теӊ катышуучулары эӊ мыкты даярданып келгени көрүнүп турду. Жыйынтыгында Медицина колледжи 46, Кочкор-Ата колледжи 45 балл алып, бирок калыстар тобу алардын мыкты даярдыгын көрүп эки тарапты теӊ жеӊүүчү деп таап, акчалай сыйлыктар теӊ бөлүнп берилди.