Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Баатыр Энелер” сыйланышты

Агартуу тармагында үзүрлүү эмгектенүү менен үй-бүлөдө уул-кыздарды татыктуу тарбиялап келе жаткан баатыр энелерди ОшМУнун кесиптик бирлик комитети “Энелер күнү” менен куттуктап, акчалай сыйлык жана белектерди тапшырды.

Учурда аталган окуу жайда тогуз “Баатыр Эне” эмгектенип келүүдө. Алар Бизнес жана менеджмент факультетинин методисти Гүлгаакы Сагымбаева 3 уул, 4 кыздын, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин лаборанты Аналбү Асанова 7 кыз, 1 уулдун, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин улук окутуучусу Бактыгүл Забаева 7 кыздын, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин окутуучусу Жыпара Тажибаева 6 кыз, 1 уулдун, Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин окутуучусу Зайна Бубаева 6 уул, 1 кыздын, Юридика факультетинин окутуучусу Асель Акматбекова 6 кыз, 1 уулдун, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин окутуучусу Нүргүл Сейитбекова 6 кыз, 1 уулдун, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин окутуучусу Эльмира Самиева 4 кыз 3 уулдун, ал эми ОшМУнун медициналык клиникасынын кызматкери Чынара Гапарова 8 баланын энеси. 

Маалымдай кетсек, ар бир жылдын май айынын үчүнчү жекшембисинде республика аймагында Энелер күнү белгиленип келет.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун кесиптик бирлик комитети