Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Атын атаса – Куту сүйүнөт

Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы майрамын утурлап өткөрүлүүчү «Эл мугалими Мүйдүн Абдумомуновдун» - элесине арналган профессионалдар арасындагы шахмат мелдешинин 5- жолку өткөрүлгөн турниринин жыйынтыгы белгилүү болду.

«Өтө кызыктуу жагдай шахмат боюнча эч кандай разряды же дагы башка спорттук даражасы жок карапайым аксакал Паттаев Саатбай бардыгын утуп, биринчи орунду ээледи. Экинчи орунду шахмат боюнча спорт чебери Рахманов Пайзилла Саатович, ээлеген болсо, үчүнчү орунга Сүлүктү Гуманитардык Экономикалык Институтунун кафедра башчысы, шахмат боюнча спорт чеберлигине талапкер Садыков Мухамед Шералиевич жана Мүйдүн агайдын баласы Абдумомунов Муса Мүйдүновичтер татыктуу болушту дейт»- турнирдин башкы калысы, Сүлүктү шаардык Казына бөлүмүнүн башчысы, чыгаан шахматист Келдибеков Арстан Пардабаевич.

(Сүрөттө биринчи орунга мелдешип жатат. Солдон оңго: Баш калыс- А. Келдибеков, 1- орун-С. Паттаев, экинчи калыс С. Муратов жана 2- орун П. Рахмановдор)

«Ушул турнир бешинчи жыл катары менен өтүп жатат, мындан ары салт болуп калды. Турнирди уюштуруп, өткөргөн Кошбулак аймактык поселкалык башкармалыгынын башчысы Бакыт Сапаркуловго шахматчыларга демөөрчү болгон Нишанбай Дехканович Джураевге ыракмат айтабыз. Эмки жылдагы өтүүчү турнирге кудай буйруса мен демөөрчү боломун»- дейт Сүлүктү – Лейлек – Баткен боюнча МРЭОнун начальниги, полковник Адамбай Туленбаев. Адамбай Туленбаевич жөнүндө Эл арасында аты да Адамбай, өзү да Адамбай- деген Сөз бар. Бардык жакшы каалоо тилектер ишке ашып,  шахматчылар көбөйө берсин.

«Эл мугалими Мүйдүн Абдумомунов» Сүлүктү шаарындагы И.Раззаков атындагы №7 орто мектебинде өмүр боюэмгектенип, жаштарга билим тарбия берүүдө жана шаардын шахмат оюнунун өнүгүшүндө зор салымы бар. Ыраматылык агайыбыз “Эл мугалими” Мүйдүн Абдумомуновдун арбагы ыраазы болсун, жайы Жаннаттан болсун.

 

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик кошунунун Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы  К.С.Кудаяров