Арстанбаптагы эс алуу
2023-жылдын 24-27-июлунда Аксы районунун билим берүү мекемелеринде иштеген 13 кызматкер Арстанбап эс алуу жайына барып эс алып келишти. Бул эс алууну кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитети уюштуруп, Аксы районуна 13 орун бөлүп берген.
Эс алуучулардын тамак-ашы, жатаканасы кесиптик бирликтин областтык комитети тарабынан төлөнүп, эс алуу үчүн мыкты шарттар түзүлгөн. Бир жыл бою талыкпай иштеп, балдарга жакшы тарбия берип келген мугалим, тарбиячылар 4 күндүк кыска мөөнөттүү эс алууда ишти жана дагы башка көйгөйлөрдү унутуп, мээ сергитип эс алып кайтышты.
Эс алуудан келген кызматкерлер кесиптик бирликтин райондук жана областтык комитеттерине ыраазычылыктарын билдиришти.
Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Аксы райондук комитети