Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аракеттен жаралган ийгилик

Жакында Ысык-Көл областындагы Ак-Суу районуна караштуу Аден Истамбеков атындагы Ичке-Жергез орто мектебинде физика мугалимдери Исакова Бактыгүл, Шаршеева Гүлжан эжейлердин кесиптик бенефиси болуп өттү.

Бенефиске областык билим берүү институтунун адистери, райондук администрациядан, райондук билим берүү бөлүмүнөн, айыл өкмөтүнөн жана айылдык кеӊештен өкүлчүлүктөр келип катышышты. Иш-чаранын негизги максаты-натыйжалуу жана сапаттуу билим берүүдөгү инновациялык технологияларды пайдаланып, сабак өткөн чыгармачыл физика мугалимдеринин иш тажрыйбасын жайылтуу.

Бенефис эки бөлүктөн турду. Биринчи бөлүгүндө мугалимдердин чыгармачылык менен жасаган көрсөтмө куралдары, буклеттери, пландары, иштелмелери көрсөтүлүп, ой-пикирлер, сунуштар, кошумчалар айтылды.

Экинчи бөлүктө мугалимдердин өздүк презентациясы менен бирге «Физика- жаратылыштын көзү, техниканын көзү» деген темада жомок-сабагы өтүлдү. Сабакта алгачкы жер жүзүнүн жаралышынан баштап XXI -кылым-техниканын кылымы болгондугун, билим берүүнүн жаӊы стандарттарын пайдаланып, физика, тил, искусство предметтерин байланыштырып өтүү менен ааламдын тереӊ сырларын ачууда жаратылыш менен адам баласынын бир бүтүндүктү түзөөрүн жомок аркылуу түшүндүрүп, сабактын максатына жете алышты. Ошону менен катар окуучулардын фантазиясынан жаралган техникалык кыймылдуу моделдерди дагы жакташты жана бенефис таланттуу окуучулардын ыр-бийлери менен коштолду.

Бененфисти жыйынтыктоодо райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары А.Шамиев мектептин жетишкендиктерин баса белгилеп, Ардак грамоталарын тапшырды. Областтык билим берүү институнун кызматкерлери Арунова Дамира, Үмөталиева Бурма мындай жакшы аракет үчүн ыраазычылыктарын билдиришти, ал эми физика боюнча жетектөөчү адис Асанбекова Шайгул өзүнүн оюн кеӊири айтып, эжейлерди областтык билим берүү институнун Ардак грамоталары менен сыйлады. Ошентип, мектепте өткөрүлгөн иш-чара жогорку деӊгээлде өткөрүлгөндүгү мектеп жамаатын дагы кубанычка бөлөдү.

 

                                           Э.Садабаев,

Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин төрагасы.