Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Алдыдагы милдеттер талкууланды

2023-жылдын 22-августунда Аксы районундагы №36 Ж.Бөкөнбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептин жыйындар залында мугалимдердин август Кеңешмеси болуп өттү.

Бул Кенешмеге Аксы райондук мамлекеттик администрациясынан Дамира Сулайманова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Осмоналы Нурманбетов, Аксы райком профсоюзунун төрагасы Сагынбек Камчыбеков жана ардагер мугалимдер, педагогикалык жолун алгачкы ирет баштап жаткан жаш адистер, мектеп, бала бакча жетенчилери жана алдыңкы чыгармачыл мугалимдер катышты.

Кеңешмеде 2022-2023-окуу жылында аткарылган иштерге баа берилип, 2023-2024-жылга карата милдеттер белгиленди. Алдыңкы мугалимдер, мектеп жамааттары Аксы  райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Аксы райондук комитети