Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Акындар таймашы” Жалал-Абад мамлекеттик университетинде

Жалал-Абад мамлекеттик университети жана жаштар комитети тарабынан “Акындар таймашы” деген аталышта кароо-сынак уюштурулду. Аталган кароо сынак ЖАМУнун 22 жылдыгына жана Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракесине карата болуп өттү. Сынакта ЖАМУнун студенттеринин арасынан тандалып алынган жаш калемгерлер, “Энелерге”,  «Алыкулга» жана “ЖАМУнун 22-жылдыгына” арнап  өздөрү жазган ырларды көркөм окушту. Жыйынтыгында 1-орунду Медицина колледжинин студенти Максатбек уулу Жоодарбек, 2-орунду Жалал-Абад колледжинин студенти Атабекова Назгүл, 3-орунду Филология факультетинин студенти Кубанычбек кызы Нуржамал ээледи. Жеӊүүчүлөр  I,II,III даражадагы дипломдор жана ар кандай кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.