Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районундагы мугалимдердин жайкы эс алуусу уланууда

2023-жылдын 18-июлунан 24-июлуна чейин 5 күн аралыгында Аксы районундагы билим берүү мекемелеринде иштеп, жакшы көрсөткүч көрсөткөн 17 кызматкер Ысык-Көлгө эс алууга жиберилди. Бул кызматкерлердин эс алуусуна Аксы райкому тарабынан каражат бөлүнүп, балдарга татыктуу тарбия берип, ийгиликтерге жетишкен мугалимдердин мээнети бааланып, жакшы эс алуу тартууланды.

Аксы райкомунун төрагасы С.Камчыбеков эс алуучулар менен кошо жүрүп, жетектеп, алардын ойдогудай эс алуусуна шарт түзүп берди.

Эс алуудан келген кызматкерлер кесиптик бирлик райондук комитетине ыраазычылыктарын билдиришип, кийинки жылы мындан да көбүрөөк кызматкерлерибиздин эс алуусуна шарт түзүп берүүсүн суранышты.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Аксы райондук комитети