Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ак-Сууда отчеттук-шайлоо конференциясы өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 27-февралында билим берүү кызматкерлеринин Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин VIII отчеттук-шайлоо конференциясы райондун борборундагы М.Мамакеев атындагы гимназия мектебинин базасында өткөрүлдү. Конференцияга Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы, Билим, илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Т.Токтогулов, билим, илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрага орун басары – Ысык-Көл областы боюнча уюштуруучу Ө.К. Молдакматов, Борбордук Комитеттин башкы техникалык инспектору К.Н. Ниязбеков, Ысык-Көл областтык профсоюздар кеңешинин төрагасы Т.К. Кербенбаев, Ак-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Ж.А.Байсеитов, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын райондук кошмо жыйынынын төрагасы Ө.Ш. Абдылдаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.У.Темиралиев катышышты.

Конференцияга 49 баштапкы профсоюз уюмдарынан 45 делегат чакырылган. 2010-2014-жылдардагы райондук профсоюз комитетинин аткарган иштери боюнча отчеттук доклад менен райондук профсоюз комитетинин төрагасы Э.Садабаев чыгып сүйлөдү. Докладка кошумча маалыматтар менен даярдалган слайддар да көрсөтүлдү.

Жарыш сөзгө чыгышкан делегаттар Ак-Суу районунун билим берүү тармагында профсоюздук уюмдардын ролу жогорулап, мугалимдердин мыйзамдык укугун коргоодо, алардын иштөөсүнө, эс алуусуна шарттарды түзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, айылдык кеңештин депутаттары менен биргеликте иш жүргүзүлүп жаткандыгы белгилешти. Аткарылып жаткан  иштердин  негизгилеринен  болуп  мектептердеги  техникалык  коопсуздукту  сактоо,  эмгекти  коргоо,  материалдык  жактан  жетишсиздерге  жардам  көрсөтүү,  мугалимдердин  эс  алуусуна шарт  түзүү көңүлдүн  борборунда  болууда.

 Мектеп  жамааттарында  күндөлүк  ар  кандай   маселелерди  чечүүдө профкомдордун ишкердүүлүгүн арттыруу  менен  мугалимдердин эмгек  стажы,  педагогикалык  чеберчилигине  жараша  сааттарды  бөлүштүрүүдө,  социалдык  теңдикти сактоого  жетишүүдө  да  профсоюздук уюмдар өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп жатышкандыгы айтылды.

Ак-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Ж.А.Байсеитов да, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы, Билим, илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Т.Токтогулов да өз сөздөрүндө профсоюздун ролу бүгүнкү күндө өзгөчө жогору экендигин, иштеп жаткан жарандардын укугун коргоодо, мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кылууда маанилүү роль ойноорун белгилешти. Демек, профсоюз өз ишин мындан ары да активдештирүү менен ынтымакты чыңдоого салмактуу салымдарын кошо берээрине ишенгендиктерин билдиришти. Төрага А.Т.Токтогуловко делегаттар тарабынан бир катар суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды.

Конференцияда Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин иши канааттандырарлык деп табылып, райондук комитеттин төрагалыгына кайрадан Эсен Садабаев бир добуштан шайланды.