Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Айымдар арасындагы волейбол мелдеши

ОшМУнун кесиптик бирлик комитети тарабынан 8-март-Аялдардын Эл аралык майрамына жана окуу жайда жарыяланган “Сергек жашоо жана ден соолук” жылына карата салтка айланган волейбол мелдеши өткөрүлдү. Мелдешке 40 жашка чейинки айымдардан 15 команда, 40 жаштан жогорку айымдардан түзүлгөн 11 команда катышты.

Жыйынтыгында 40 жаштан жогорку командалар арасында I орунду Индустриалдык-педагогикалык колледжи, II орунду Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети, III орунду Математика жана информациялык технологиялар факультети ээледи. 40 жашка чейинки командалар арасында I орунду Дене тарбия факультети, II орунду Кыргыз-Кытай факультети, III орунду Индустриалдык-педагогикалык колледжи жеңип алышты.

Жеңүүчү командаларга жана мыкты оюнчуларга уюштуруучулар тарабынан диплом, кубок, акчалай сыйлыктар берилди. Сыйлыктарды ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жана кесиптик бирликтин төрагасы Абсамат Саттаров тапшырды. Мелдеш профессордук-окутуучулук курамдын ортосундагы достук мамилени чыңдоо, ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулду.

 

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун кесиптик бирлик комитети