Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Айлык акы көӊүлдүн борборунда

 

2015-жылдын  19-февралында  Кочкор-Ата шаарынын  №14  Губкин  атындагы  орто мектебинин  чогулуштар  залында  Ноокен  районунун  мектептеринин  директорлорунун  усулдук  бирикмесинин  кеӊешмеси  болуп  анда  55  мектептердин  директолорлору, райБББнүн  жооптуу  кызматкерлери  жана  билим  берүү тармагынан  айылдык,  шаардык  кеӊештерге  шайланган  депутаттары  катышты.

            Кеӊешмеде «Айлык  акылардын төлөнүшүнүн  жүрүшү   жөнүндө»  райБББнүн  борборлоштурулган  бухгалтериясынын  башкы  бухгалтерии З.К.Осмонова  маалымат  берип, директордордун  суроолоруна  жооптор  берди. Директорлор табелдерди  түзүү, майрам күндөрүнө  акы  төлөө, стимул айлыктары, ремонттун  каражаттары, чарбалык иштерге  каражаттар, тамактануунун  каражаттары боюнча суроолоруна жетиштүү  жоопторун  алышты.

                       Билим,  илим  профсоюзунун  райондук  комитетинин  төрагасы  А.Айдаров депутаттарга  2015-жылдын  жергиликтүү  бюджетин  бекитүүдө «Билим  берүү», «Мугалимдин   статусу»  мыйзамдарына  негиз  социалдык-экономикалык  маселелерди  чечүү  үчүн  каражаттарды  бөлүнүшүнө жетишүүнү  камсыздоо  жөнүндө  кайрылуунун  мазмунун  жеткирип, биргеликте  иш  аракаетерди  жүргүзүүнү  суранды. Райондук  комитеттин  19-конференциясына  даярдык  иштери боюнча тапшырмалар  берилди.

                       РайБББнүн  кадрлар  боюнча  бөлүм  башчысы  Г.С. Борбиева  жушушка  кабыл  алуу, бошотуу,  эмгек  келишимдерин түзүү, кадрлар  менен  иштөө  багытындагы  иш  аракеттерди  жүрүшүн  маалымдап, жалпы  багыттарды  берди.

                        РайБББнүн  башчысынын  орун   басары  А. Каримова  1-4  класстарга  тамактанууну  уюштурулушу  боюнча талаптардын аткарылышы  жөнүндөгү  маалыматтарын  берип,  милдеттерге  токтолду. Мектептин  директорлору  кенешмеден керектүү  маалыматтарын  алышты.

 

 

 

Райондук  билим берүү 

бөлүмүнүн  пресс-катчысы:           Барно Абдурахманова