Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн мектептери жөнүндө маалымат

Урматтуу Асылбек Токтогулович! Сизди жана Сиз жетектеген эмгек жамаатты келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз! Сиздерге чың ден соолук, бакыт,ынтымак,ырыскы тилейбиз!

                 Мен Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн мектептери жөнүндө маалымат бере кетейин дегем.Себеби,биздин мектептер,окуучулардын билим сапаты жөнүндө интернет булактарында,КТРК каналында  сөз болууда.Ошол себептүү бул маалымат булактарына кеткен материалдардан улам мугалимдердин көңүлү чөгүп,ар түрдүү ойлор жаралып,ишке болгон кызыгуу солгундоодо.Жадыбалды бардык эле бала билет,ал маселе эмес,суроо салганда ар кандай себептерден улам окуучу  жооп бере албай калышы мүмкүн.Билимди ар бир окуучу өз жаш курагына жараша,жөндөмүнө,кабыл алуусуна,эске тутуусуна жараша кабыл алат эмеспи.Ар бир баланын жан дүйнөсун мугалим гана түшүнө билет деп ойлойм.Сырттан келген адамдан бала сүрдөйт,же жооп бергиси келбеши мүмкүн.Баланын айта албай калуусу проблема эмес,ал күнү айта албаса кийинки күнү айтат. Ал эми 1-2 баланы суроо менен билим сапатты аныктоо мүмкүнбү? Жалпы шаарда 14 мектеп бар.Анын ичинен 1 гимназия мектеби,2 гимназия класстары бар мектеп,1 башталгыч мектеп бар.2013-2014-окуу жылын 7185 окуучу менен баштап,1-чейректин аягында 7070 окуучу болуп,анын ичинен 795 отличник,1970 ударниктер бар.Билим сапаты 43,9% түздү. Бүтүрүүчүлөр боюнча Жалпы Республикалык тест жүргүзүлгөндө  область боюнча   Жалал-Абад ,Майлы-Суу шаарынан,Ала-Бука районунан кийинки 4-орунду ээлеп отурат.2012-2013-окуу жылынын предметтик олимпиадаларында химия предмети боюнча М.Темирбаев атындагы №11 орто мектебинин окуучусу Кубаталиева Мунара областта 1-орунду ээлеп,республикалык олимпиадага катышкан.Областта жалпы 6 окуучу байгелүү орунга жетишкен.Былтыркы окуу жылында 2 окуучу артыкчылык аттестатка,13 окуучу өзгөчөлөнгөн күбөлүккө ээ болгон,быйыл 1 окуучу артыкчылык аттестатка,15 окуучу өзгөчөлөнгөн күбөлүккө ээ болду.Бул көрсөткүчтөр билим сапатын аныктабайбы? Бул аз жетишкендик болсо да мугалимдердин эмгеги эмеспи.2013-жылдын декабрь айында өтүлгөн областтык көркөм окуу сынагында К.Осмонкулов атындагы№2 гимназия класстары бар орто мектебинен 1 окуучу 2-орунду ээледи.Азыркы учурда ал окуучу республикалык конкурска даярданып жатат.Мамлекеттик тил күнүнө карата “Үлгүлүү кыргыз тили мугалими”сынагы,Ч.Айтматовдун 85 жылдыгына карата, предметтик семинарлар ж.б.у.с. иш чаралар өткөрүлүп жатат.Шаар аймагындагы ар кандай даталуу иш чаралар окуучуларсыз өтпөйт.Ал эми окуучуларды жетектөө,уюштуруу мугалимге жүктөлөт.Ушул сыяктуу иш чараларды өткөрүүдө мугалимдердин эмгеги зор. Бул эмгекти ким түшүнөт?Ооба,милдетибиз чоң экенин билебиз.Ар бир баланы ар тараптуу өнүктүрүү керек экенин да билебиз.Бирок,ар бир мугалимдин эмгегин жергиликтүү бийлик түшүнө билишин мугалимдер каалайт,коммуналдык тейлөөлөр үчүн,медициналык кароолор үчүн  жардам көрсөтүүсүн,сапар чыгымдарын талапка ылайык төлөп берүүсүн,жакшы  шарттарды түзүп берүүсүн каалайт.Ар бир жаңы мэр шайланган сайын мугалимдер үмүт менен күтөт. Бирок...

Биз,шаардын мугалимдери,азыркы учурда өзүбүздү абдан жаман сезип жатабыз.Жергиликтүү бийликтин бизге түз көз карашта болуп,колдоо көрсөтүүсүн үмүт менен күтөбүз.Өзгөчө мугалимдердин көңүлүөздөрү окуткан бала көңүлүндөй назик болот эмеспи,окуучулардай эле жакшы сөздү угууну каалайт.

     Билим,илим кызматкерлеринин кесиптик кошунунун Таш-Көмүр   шаардык комитети