Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

ОшМСУда тил майрамы

22-сентябрь күнү Ош Мамлекеттик Социалдык Университетинин чоӊ жыйындар залында Социалдык колледждин студенттери тарабынан «КР Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзамынын кабыл алынгандыгынын күнүнө карата концерттик программа болуп өттү.

          Майрамдык салтанатка университеттин ректору Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич, окуу иштери боюнча проректор Арстан Карамырзаевич, илимий иштер боюнча проректор Медер Марипжанович, МТжСИ боюнча проректор Шералы Мананович, факультеттердин декандары жана студенттер катышышты.

Салтанатта окуу жайдын ректору куттуктоо сөзүн сүйлөп, жалпы катышуучуларды Кыргыз тили майрамы менен куттуктады.

Андан кийин, мамлекеттик тил майрамына келген конокторго  студенттер өздөрүнүн таланттарын тартуулашты. Манас айтып, бийлеп, кыргыздын салттарын мыкты чеберчилик менен кѳрсѳтѳ алышты.