Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Кайрымдуулук акциясы жүрүүдө

Ноокен  районунда  декабрь  айында  кайрымдуулук  акциялары  өткөрүлүп  ден-соолугу, мүмкүнчүлүктөрү  чектелген  адамдарга  камкордук  кылуу  чаралары  жүрүүдө. Ошондой  эле  иш  чара  3-декабрь  күнү  Шайдан  айыл  аймагындагы  Ж.Ниязов  атындагы  көмөкчү жатак  мектебинде  болуп  өттү. Акцияга   Ноокен  райондук  мамлекеттик  администрациясынын  башчысы-аким   А.К.Осмонов, орун басары  Н.А.Бекжигитова, райондук  ишкана,  мекмелериден  жетекчилери, коомчулуктун  өкүлдөрү, мектептин  жамааты  жана  окуучулары  катышты. Иш  чара  мектеп  окуучуларынын   майрамга  карата  чакан  концерти  менен  башталып, келген  меймандар  окуучуларды  куттукташып  алып  келген  белектерин  тапшырышты.

 

    Райондук  администрация   жана  ишкана  мекемелер   тарабынан   52  миӊ  сомдук  музыкалык  борбор  белекке  берилди.

 

Акцияга  катышкандар  балдар  үчүн  алып  келген  кийим-кече, акчалай  салымдарын  кошушту.

 

Иш  чара  акырында  мектептин  администрациясы, райондук  билим  берүү  бөлүмү  тарабынан  акция  катышуучуларына  ыразычылыктар  билдирилип, иштерине  ийгиликтер  каалашты.    

 

Ноокен  райондук  билим беруу бөлүмүнүн  

пресс-катчысы:                                                                   Барно  Абдурахманова