Почетный труженик образования и науки КР

  • Эл сыймыгына ээ болгон инсан. «Ак эмгектен ийгилик жаралат»- демекчи биз сөз кылмакчы болгон инсан өз өмүрүн, илим билимин аябай коп жыл бир мектепте эмгектенген жана эл сыймыгына арзыган эжелерибиздин бири Айтматова Тажикан эжекебиз. Эжекебиздин өмур таржымалын айтып өтсөк. 1950-жылы 2-мартта «Ленин-Жолу» колхозунун «Бирдик» айылында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин Токмоктогу музыкалык техникумду тапшырып, аны ийгиликтуу бүтүрүп,1 974-жылы №33 «Мичурин» атындагы мектепте музыка мугалими болуп эки жыл иштеген. 1975-жылы Ош Мамлекеттик Университетине тапшырып, аны 1980-жылы аяктаган.
  • Өмүргө татыктуу жол. Абдувахапов Абдуманнаб 1940-жылы 19-январда Масы айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1950-60-жылдары №1 Ленин жол орто мектебинде окуп орто билимге ээ болгон. 1960-65-жылдары НМПИ нун методика факультетин күндүзгү бөлүмүн аяктаган.
  • Өмүрү өрнөк инсан. Япон элинде «Бир тамга үйрөткөн адамга өмүр бою кул болууга даярмын» деген накыл кеп бар. Ооба, берген билим-тарбиясы жүрөктө калган, окуучулары сыймык менен эстей жүргөн эжейлердин бири –Мырзабекова Алымкан эжейибиз.
  • Ардактуу ардагер мугалим Сөз Ноокен районунун Ноокен айылынын тургуну ардактуу эс алуудагы ардагер мугалим Арапбаев Мойдун агай жөнүндө болмокчу. Мойдун агайдын иштеген иши эли үчүн жасаган кызматы опол тоодой бийик. Мойдун агай 1937-ж Ноокен районундагы Ноокен айылында туулган. Мектепти айылынан ийгиликтүү бүтүрүп 1959-жылы Оштогу ОГПИ окуу жайынын химия-биология факультетине тапшырат.
  • Омурун балдарга арнаган инсандар «Мугалим» деген кесиптин турдуу, татаал туйшугун, аны менен кошо ийгилигин , ардактуу, сыймыктуу аброюн аркалаган инсандар жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Алар районубузда жаш муундарга билим-тарбия берүүдө, билим берүү тармагын өнүктүрүп-өстүрүүдө, эл керегине жараган татыктуу адистерди тарбиялоодо зор салым кошкон
  • Тагдыры инсан тарбиясына байланган талыкпас мугалим жөнүндө баян. Абсабыров Байыш 1946-жылы 9-июлда Ноокен селосунун Шалка айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. 1952-жылы Рахманжан айылындагы башталгыч мектебинин босогосун аттаган. Билим алууга берилген агайыбыз 1958-жылы Ноокен №9 орто мектебинде окуусун улантып 1965-жылы мектепти ийгиликтүү аяктаган. Ошол мезгилде түштүк жергесинде педагогикалак кадрлар жетишсиз болгондугуна байланыштуу, 1965-жылы 15-августтан баштап Рахманжан атындагы башталгыч мектебине мугалим болуп кирип, эмгек жолун баштаган.
  • Мектептин түптөлүшүнө Эркайым эже күн – түн дебей тыным билбей иштеген. Татыкулова Эркайым Жумалиевна 1952 – жылы 25 – октябрда Ноокен районундагы Бирдик айылында туулган. Мектепти бүткөндөн кийин Ош педагогикалык окуу жайына 1968 – жылы кирип, 1972 – жылы бүтүргөн. 1974 – жылы Ош мамлекеттик институтунун филология факультетин 1980-жылы аяктаган, эмгек жолун 1972 – жылы “№ 27 Бирдик” орто мектебинен башталгыч класстын мугалими болуп баштаган .