Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Президиум ЦК профсоюза

Борбордук комитеттин Президиуму болуп өттү

2023-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин президиумунун жыйыны болуп өттү. Президиумдун жыйынына кесиптик бирликтин борбордук комитетинин президиум мүчөлөрү,  кесиптик бирликтин Нарын областынын шаардык жана  райондук комитеттеринин төрагалары жана Кесиптик бирликтин борбордук комитеттин аппаратынын жооптуу кызматкерлери катышышты.

Президиумдун жыйынын кириш сөз менен Кыргыз Республикасынын Билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Т.Токтогулов ачты.

Президиумдун жыйынынын күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:

1.Кесиптик бирликтин Нарын областынын райкомдору жана Нарын шаардык кесиптик бирлик комитети тарабынан тармактык уставдын нормаларынын баштапкы кесиптик бирлик уюмдары тарабынан аткарылышына, колдонуудагы эмгек мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жөнүндө мыйзамынын сакталышына көзөмөл жүргүзүү жөнүндө областтын билим берүү уюмдарында коргоо жана жергиликтүү бийлик органдары менен өнөктөштүктү уюштуруу аркылуу алардын кызматкерлерине социалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө.

2.Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кочкор, Жумгал  

райондук комитеттеринде маалыматтык иштердин сапатын көтөрүү боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.

3.Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Чүй областынын райондук жана шаардык комитеттеринде маалыматтык иштердин сапатын көтөрүү боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.

4.Бишкек шаарындагы жогорку жана атайын кесиптик орто окуу жайларынын жетекчилигинин жана бириккен профсоюздук комитеттеринин кызматкерлерди социалдык, эмгек укуктарын коргоо жана студенттерге социалдык колдоо көрсөтүү боюнча жамааттык келишимдер аркылуу аткарылган практикалык иштери жөнүндө.

5.Кесиптик бирлик комитеттеринин жаңы шайланган төрагаларын бекитүү жөнүндө.

6.Отчеттук кайра шайлоо конференцияларынын өтүү мөөнөттөрүн жылдыруу жөнүндө.

7.Ар кандай маселелер

7.1. Кыргызстан профсоюздар федерациясынынын сыйлыктарына көрсөтүү жөнүндө.

7.2. Кесиптик бирлик активдерин сыйлоо жөнүндө.

Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча “ Кесиптик бирликтин Нарын областынын райкомдору жана Нарын шаардык комитети тарабынан тармактык уставдын нормаларынын баштапкы кесиптик бирлик уюмдары тарабынан аткарылышына, колдонуудагы эмгек мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жөнүндө мыйзамынын сакталышына көзөмөл жүргүзүү жөнүндө областтын билим берүү уюмдарында коргоо жана жергиликтүү бийлик органдары менен өнөктөштүктү уюштуруу аркылуу алардын кызматкерлерине социалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө”  Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин аппарат жетекчи Б.Кадыркулов маалымат берди.

Кесиптик бирликтин Нарын областынын райкомдору жана Нарын шаардык кесиптик бирлик комитети тарабынан тармактык уставдын нормаларынын баштапкы кесиптик бирлик уюмдары тарабынан аткарылышы жана колдонуудагы эмгек мыйзамдарында, эмгек жөнүндө мыйзамынын сакталышына көзөмөл жүргүзүү, билим берүү уюмдарында коргоо жана жергиликтүү бийлик органдары менен өнөктөштүктү уюштуруу аркылуу алардын кызматкерлерине социалдык колдоо көрсөтүү иштеринде кетирилип жаткан кемчиликтер жеке Нарын областынын райондук жана шаардык комитеттеринде гана орун албастан жалпы республика боюнча ар бир райондук жана шаардык кесиптик бирлик комитеттеринде орун алгандыгы айтылды. Ар бир төрагага кетирилип жаткан кемчиликтериди четтетүү иштери тапшырылды.

Ошондой эле кесиптик бирлик комитеттеринин ишмердүүлүктөрүнүн иш кагаздарынын номенклатурасы, финансылык жана социалдык-экономикалык иштери боюнча окутуу -семинарларын уюштуруу жана өткөрүү сунушталды.

Биринчи маселе боюнча Кесиптик бирликтин борбордук комитетинин  президиум мүчөлөрү маалымдаманы угуп жана талкуулап, токтомдун долбоорун кошумча сунуштар менен кабыл алышты.

Күн тартибиндеги экинчи маселе ” Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кочкор, Жумгал райондук комитеттеринде маалыматтык иштердин сапатын көтөрүү боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө” маселе боюнча  кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Э.Кулназарова маалымат берди. Президиум мүчөлөрү тарабынан талкууланып, токтомдун долбоору толугу менен кабыл алынды.

Күн тартибиндеги үчүнчү маселе “ Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Чүй областынын райондук жана шаардык комитеттеринде маалыматтык иштердин сапатын көтөрүү боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө” маалыматты Кесиптик бирликтин борбордук комитетинин маалыматтык иштер боюнча адиси С.Рыскелдиева берди.   

Президиум мүчөлөрү тарабынан Чүй областынын райондук жана шаардык комитеттеринде маалыматтык иштердин сапатын көтөрүү боюнча  кошумча сунуштар айтылды.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кемин  райондук комитетинин КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Уставдык талаптарын аткаруу боюнча жүргүзүп жаткан иштеринин абалы канааттандырарлык эмес экени айтылып, кесиптик бирлик комитетинин төрайымы А.Чылабаевага кетирилип жаткан кемчиликтерди 1 ай убакыт ичинде четтетүү, кесиптик бирликтин мүчөлүгүнөн чыгып кеткен баштапкы кесиптик бирлик уюмдарын  кайра мүчөлүккө тартуу тапшырмалары берилди. Эгерде кетирилип жаткан кемчиликтер четтетилбесе КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Уставына ылайык кызмат ордуна ылайыктуулугу жөнүндө маселе каралары эскертилди.  

Күн тартибиндеги төртүнчү маселе “Бишкек шаарындагы жогорку жана атайын кесиптик орто окуу жайларынын жетекчилигинин жана бириккен профсоюздук комитеттеринин кызматкерлерди социалдык, эмгек укуктарын коргоо жана студенттерге социалдык колдоо көрсөтүү боюнча жамааттык келишимдер аркылуу аткарылган практикалык иштери жөнүндө” Кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Закиряева маалымат берди. Бул маселе боюнча кошумча сунуштар берилип, ар бир Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин областтык комитеттеринин төрагаларына областтын аймагындагы ЖОЖ, АКООЖнын жетекчилигинин жана бириккен кесиптик бирлик комитеттеринин кызматкерлерди социалдык, эмгек укуктарын коргоо жана студенттерге социалдык колдоо көрсөтүү боюнча жамааттык келишимдер аркылуу аткарылган практикалык иштерин көзөмөлдөө, президиумга маселе катары киргизүү,  кароо жагы сунушталды.  Төртүнчү маселе боюнча токтомдун долбоору кошумча сунуштарды киргизүү менен кабыл алынды.

Күн тартибиндеги бешинчи маселе “Кесиптик бирлик комитеттеринин жаңы шайланган төрагаларын бекитүү жөнүндө” токтомдун долбоору толугу менен кабыл алынды.

Чүй областындагы билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Аламүдүн райондук комитетинин отчеттук кайра шайлоо конференциясынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Аламүдүн райондук комитетинин төрайымдыгына  Намазбекова Бактыгуль Асанкуловнаны шайлоо жөнүндөгү 2023-жылдын 18-январындагы №5 токтому, И.Раззаков атындагы КМТУнун Токмок шаарындагы академик Х.А. Рахматулин атындагы филиалынын кесиптик бирлик комитетинин отчеттук кайра шайлоо конференциясынын кесиптик бирликтин төрайымдыгына Джанузакова Айсулуу Ашимовнаны шайлоо жөнүндөгү 2023-жылдын 2-февралындагы №1 протоколу, Талас областындагы Талас шаардык, райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин уюштуруу пленумунун  Талас шаардык , райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагалыгына Чалов Чынгыз Мелисовичти шайлоо жөнүндөгү 2023-жылдын 7-февралындагы, №1/3 токтому, Токмок индустриялык-педагогикалык колледжинин кесиптик бирлик комитетинин отчеттук кайра шайлоо конференциясынын кесиптик бирлик комитетинин төрайымдыгына Буржуева Назгул Токтобековнаны шайлоо жөнүндөгү  2023-жылдын 9-февралындагы, №1 протоколу, Ош технологиялык университетинин бириккен кесиптик бирлик комитетинин IХ- кезексиз отчеттук кайра- шайлоо конференциясынын 2023-жылдын 10-мартындагы №1 протоколундагы      “ ОшТУнин билим жана илим кызматкерлеринин бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрайымдыгына Тиленбаева Багдагүл Эргешовнаны шайлоо жөнүндөгү” №4 токтому, ”Манас” жана Ч.Айтматов атындагы академиясынын кайра-шайлоо конференциясынын ”Манас” жана Ч.Айтматов атындагы академиясынын кесиптик бирлик комитетинин төрайымдыгына Кожакунова Жазгүл Бейшенбековнаны шайлоо жөнүндөгү 2023-жылдын 17-мартындагы, №9/22 протоколу, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин бириккен кесиптик бирлик комитетинин отчеттук кайра- шайлоо конференциясынын 2023-жылдын 18-апрелиндеги №1 протоколундагы  “ Ж.Баласагын атындагы КУУнин билим жана илим кызматкерлеринин бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагалыгына Жумабеков Кубанычбек Сатаровичти шайлоо жөнүндөгү” №5 токтому жана КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитетинин XVII отчеттук кайра шайлоо конференциясынын “Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитетинин төрагалыгына Тойгонбаев Сабыр Абдубаповичти шайлоо жөнүндөгү” 2023-жылдын 28-апрелиндеги №4 токтому бекитилди.

Күн тартибиндеги алтынчы меселе “Отчеттук кайра шайлоо конференцияларынын өтүү мөөнөттөрүн жылдыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Уставынын V бөлүмүнүн 52 пунктуна ылайык: И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин кесиптик бирлик комитетинин отчеттук кайра  шайлоо конференциясы 2023-жылдын сентябрь айына жана Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин бириккен кесиптик бирлик комитетинин отчеттук кайра  шайлоо конференциясы 2023-жылдын июнь айына жылдырылды. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы А.Суюмбаевага жана Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Ш. Эгамбердиевге отчеттук кайра  шайлоо конференцияларын өткөрүүгө даярдыктарды көрүү жана  уюштуруу иштерин жүргүзүү  тапшырылды.

Күн тартибиндеги ар кандай маселелер боюнча “Кыргызстан профсоюздар федерациясынынын сыйлыктарына көрсөтүү жөнүндө” маселе каралып, билим берүү тармагындагы кызматкерлердин укуктарын коргоого, кызыкчылыктарын жактоого, социалдык абалдарын жакшыртууга  жана кесиптик бирлик иштерин жайылтууга кошкон салымдары үчүн Кыргызстан профсоюздар федерациясынын “Кыргызстан профсоюздарына кызмат кылгандыгы үчүн” төш белгиси менен сыйлоого:

1.1. Эсенканова Татьяна Владимировна – Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Москва райондук комитетинин төрайымы;

1.2. Бараханов Таалайбек Омурзакович - Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитетинин төрайымынын орун басары, техникалык жана эмгекти коргоо боюнча инспектору көрсөтүлдү.

 Андан кийин президиум жыйынында мүчөлөрү ” Кесиптик бирлик активдерин сыйлоо жөнүндө” маселе каралып, билим берүү жана илим кызматкерлеринин социалдык,  экономикалык, укуктук таламдарын коргоо иштерине кошкон олуттуу салымы жана кесиптик бирлик кыймылына сиңирген эмгеги үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин “Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мыктысы төш белгиси менен сыйлоого төмөнкүлөр көрсөтүлдү:

- Бараканов Майсалбек Омурзакович - Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитетинин мамлекеттик тил боюнча адиси;

- Ахмедов Борубай Ташабаевич - “Эльбрус Корпорейшн” ЖЧКнын башкы директору;

- Калматов Маккам Айтматович- Кадамжай районундагы М.Юсупов атындагы №12 ” Жошук” орто мектебинин башталгыч класс мугалими;

2. Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин Ардак грамотасы менен сыйлоого Султанбаева Жыпара Байышевна - Билим жана илим  кызматкерлеринин   кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитетинин уюштуруу иштери боюнча инструктору көрсөтүлдү.

Президиумдун жыйынында күн тартибинде каралган бардык маселелер боюнча тиешелүү токтомдор айтылган сунуштарды эске алуу менен кабыл алынды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин борбордук комитети