Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Пландагы иш-чара

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ысык-Ата райондук комитетинин президиумунун октябрь айындагы кеңейтилген жыйыны болуп өттү. Жыйынга кесиптик бирликтин Ысык-Ата райондук комитетинин президиумунун мүчөлөрү, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага, төрайымдары катышты.

Пландалган суроолор каралып, тарификациянын жыйынтыгын кароо боюнча суроолор, пикирлер көп болгондугунан, аны кийинки жыйналышта кароо аныкталды.

Кесиптик бирликтин Ысык-Ата райондук комитетинин төрайымы Б.Тыныбекова сөз сүйлөп, көйгөйлөр бар экенин жана анын үстүндө кесиптик бирлик тарабынан иш жүргүзүлүп жаткандыгын, билим тармагында иштеген кызматкерлердин укуктук, социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алгылыктуу натыйжаларына токтолду. Ошондой эле КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин быйылкы жылдагы  аткарылып жаткан иштерин айтып, мугалимдердин чечилбей келе жаткан көйгөйлөрүнө токтолуп, алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Жогорку Кеңешинин деңгээлинде кандай  көтөрүлүп жатканына токтолду.

КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан «Маалымат иштерин уюштуруу боюнча эң мыкты райондук, шаардык, жогорку жана атайын орто кесиптик окуу жайларынын кесиптик бирлик комитети» республикалык кароо-сынагынын алкагында баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын ишин социалдык тармактарда чагылдыруу боюнча жарыяланган райондук сынактын жеңүүчүсү аныкталган. Ал кароо-сынакка Ак-Кудук айылындагы ЖББОМ баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Кубатбек кызы Альфия катышкандыгы үчүн кол саат менен сыйланды.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Ысык-Ата райондук комитети