Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Караколдо Пленум болуп өттү

2023-жылдын 20-октябрында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Каракол шаардык комитетинин уюштуруу Пленуму болуп өттү.

Бул иш-чарага Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин Ысык-Көл областы боюнча координатору, кесиптик бирликтин Жети-Өгүз райондук комитетинин төргасы Ө.К.Молдокматов жана кесиптик бирликтин мүчөлөрү катышты. Пленумда узак жылдар бою кесиптик бирликтин шаардык комитетин жетектеп келген Касмалиева Жыпар Усеновна ден соолугуна байланыштуу өз каалосу менен кетүү тууралуу жазган арызы канааттандырылды. Билим берүү кызматкерлеринин укуктарын коргоого кошкон зор салымы үчүн Жыпар Усеновнага ыраазычылык билдиришти.

Күн тартибине ылайык Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Каракол шаардык комитетинин жаңы төрайымы шайланлды. Бул кызматка Акмолдоева Гульдар Шавкатбековнанын талапкерлиги сунушталып, бир добуштан колдоого алынды. Төрайым уюштуруу пленумунун катышуучуларына ыраазычылык билдирип, билим берүү кызматкерлери үчүн ак эмгек менен иштеп берерин билдирди.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Каракол шаардык комитети