Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Кайра шайлоо конференциясы

2023-жылдын 22-майында Аксы районундагы А.Молдокеев атындагы орто мектебинде баштапкы кесиптик бирлик комитетинин 5 жылдык отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү. Аталган отчеттук кайра шайлоо конференциясына Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Аксы райондук комитетинин төрагасы С.Камчыбеков катышты.

2017-2022-жылдары Аксы районундагы А.Молдокеев атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик бирлик уюмун К.Эшимбеков жетектеп келген. Чогулуштун жүрүшүндө баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрагасы К.Эшимбеков аткарылган иштер, жетишкендиктер, материалдык жактан жардам берүүлөр, демөөрчүлөр тарабынан көрсөтүлгөн жардамдар, кесип бирлик комитетинин мүчөлөрүнүн ден соолугун чыңдоо, эс алуулар боюнча кеңири маалымат берди.  

2017-2022-жылдар арасында кесиптик бирлик бурчтары уюштурулуп, жаңы келген мүчөлөрдү арыз менен кесиптик бирлик уюмуна кабыл алынып карточкалар түзүлгөн. Кесиптик бирликтин 8 мүчөсү ден соолугун чыңдоо үчүн курорттук-санаториялык дарыланууга жөнөтүлгөн, "Ардагер мугалим" төш белгиси менен 3 мүчө сыйланган. Ошондой эле үй-бүлөлүк шартына байланыштуу жардамга муктаж мүчөлөргө материалдык колдоо көрсөтүлгөн.

Талкууга катышкан кесиптик бирлик мүчөлөрү комитеттин аткарган иштерин алгылыктуу экенин баалап, отчеттук мезгилдеги ишмердүүлүгүнө жакшы деп табылсын деген сунуш түшүп, бир добуштан колдоо тапты.

Кийинки маселеде профсоюздун төрага же төрайымын шайлоо каралып, Эшманбетов Кылыч ден соолугуна байланыштуу мындан ары иштей албагандыгын айтып, жаңы төрайымдыка Жаныбаева Аиданы сунуш кылды, кесиптик бирлик мүчөлөрү бир добуштан колдоп беришти.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Аксы райондук комитети