Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Ишенимге ээ болду

2023-жылдын 31-майында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Таш-Көмүр шаардык комитетинин VII отчеттук кайра-шайлоо конференциясы болуп өттү.

Конференцияга Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.А.Исмаилов, Таш-Көмүр Мэриясынын башкы адиси Д.А.Садырбеков, Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Г.А.Эргешова, областтык комитеттин жооптуу кызматкерлери жана 31 делегат толугу менен катышышты.

Конференцияда кесиптик бирликтин Таш-Көмүр шаардык комитетинин 2018-2023-жылдырда аткарган иштери тууралуу отчету жана шаардык текшерүү комиссиясынын  билдирүүсү угулду. Делегаттар отчет жана билдирүүлөр боюнча “канааттандырарлык” деген баа беришти.

Шаардык комитеттин жана текшерүү комиссиясынын жаңы курамын бекитишти. Шаардык комитеттин төрагалык кызматына Үтүрбаева Мариям Төлөгөновнанын талапкерлиги сунушталып, делегаттар ачык добуш менен бир добуштан шайлашты. Үтүрбаева Мариям Төлөгөновна делегаттарга жана катышуучуларга ыраазычылыгын билдирип, билим берүү кызматкерелери үчүн ак эмгек менен иштеп берүүсүн билдирди.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.А.Исмаилов жаңы шайлангандарды куттуктап, жакшы каалоо-тилектерин айтты.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А.Айдарав