Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Баткенде отчеттук кайра шайлоо конференциясы өттү

2023-жылдын 19-октябрында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин отчеттук кайра шайлоо конференциясы өткөрүлдү.

Конференцияга Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов, Баткен областтык усулдук билим беруу борборунун директору О.Эркебаев,  Баткен райондук билим беруу болумунун башчысы О.Мажилимов, Баткен шаардык билим беруу болумунун  башчысы К.Турдубаев жана областтык комитетин мүчөлөрү жана делегаттар   катышты.

Конференциянын күн тартибине төмөнкүдөй маселелер каралды.

1.Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин 2018-2023-жылдарда аткарган иштери боюнча отчету.

2.Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин текшерүү комиссиясынын 2018-2023-жылдарда аткарган иштери боюнча отчету.

3.Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин жаны курамын бекитүү жөнүндө.

4.Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин текшерүү комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө.

5.Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин төрагасын жана президиум мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө.

Жогорудагы биринчи маселе боюнча областтык комитеттин төрагасы З.Бөтөков фото,видеолорду камтыган слайд менен 5 жыл ичинде аткарылган иштер жөнүндө кеңири маалымат берди.

Экинчи маселе боюнча Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин текшерүү комиссиясынын 2018-2023-жылдарда аткарган иштери боюнча Ш.Тыныбеков отчет берди.

Конференциянын жүрүшүндө жарыш сөзгө чыккандар областтык комитеттин жаныдан шайлануучу төрагалыгына  З.Бөтөковдун талапкерлиги сунушталып жыйынтыгында бардык делегаттар бир добуштан З.Бөтөковду шайлашты.

Конференциянын сонунда Борбордук комитеттин төрагасы А.Токтогулов кенири сөз сүйлөп Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун ишмердүүлүгү боюнча кенири маалымат берди.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Баткен областтык комитети