Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Ак-Талаага болгон иш сапар

2023-жылдын 21-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов иш сапары менен Нарын облуастынын Ак-Талаа районунда болду.

Иш сапардын жүрүшүндө Асылбек Токтогулович Ак-Талаа райондук мамлкеттик администрациясынын башчысы-аким Жумадилла Жапаров менен жолугуп райондогу агартуу тармагында эмгектенип жаткан мугалимдердин укуктары, социалдык абалы, алардын муктаждыктарын чечүү жолдору тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Өз сөзүндө Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жапаров Жумадилла райондун билим берүү тармагындагы жетишкендиктерге, мугалимдердин жана окуучулардын областтык денгээлде өткөрүлгөн ар кандай кароо-сынактардан, конкурстардан ийгиликтерге жетишкендиги, ЖРТнын жыйынтыгы жана билим сапаты боюнча район жакшы орунда турарына токтолду.

Жолугушуудан соң Асылбек Токтогулович Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ак-Талаа райондук комитетинин пленумуна катышып, күн тартибиндеги маселе  боюнча пленум мүчөлөрүнүн, билим берүү тармагында иштеп жүрүп, ардактуу эс алууга кетишкен мүчөлөрүн мүчөлүктөн чыгарып, ордуна жаңы мүчөлөр шайланды. Андан кийин кесиптик бирликтин Ак-Талаа райондук комитетинин мурдагы төрагасы Сатындиев Мирбек башка  жумушка өткөндүгүнө байланыштуу Пленумунда кесиптик бирликтин Ак-Талаа райондук комитетинин жаңы төрагасы шайланып, ага Жылтыров Урмат Жаныбаевичтин талапкерлиги бир добуштан колдоого алынды.

Жыйынтыгында Асылбек Токтогулович кесиптик бирликтин Ак-Талаа райондук комитетинин пленум мүчөлөрү менен суроо-жооп ирээтинде эркин баарлашып, баардык суроолоруна жооп берди.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Ак-Талаа райондук комитети