Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Эл аралык кызматташтык

Төртүнчү Эл аралык конгресс

Түркиянын Анталия шаарында 2022-жылдын 24-ноябрынан 27-ноябрына чейин Түркия билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу жана Евразия билим берүү профсоюздарынын эл аралык уюму тарабынан “Түрк дүйнөсүнүн педагогикалык жана социалдык (коомдук) илимдери боюнча" 4-чү  Эл аралык конгресси өтүүдө. Кыргызстан делегациясынын курамында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов баш болгон 5 адам катышууда.

Конгресстин иши мыкты уюштурулгандыгын, катышуучулар үчүн эң жогорку деңгээлде түзүлгөн шарттарды баса белгилеп кетүү керек.  Кабыл алуучу өлкөнүн кыргыз делегациясына болгон өзгөчө көңүл буруусу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин жетекчиси Асылбек Токтогуловдун жана жалпы эле Борбордук комитеттин жамаатынын эмгеги экендиги талашсыз.

Конгресстин салтанаттуу ачылышында сүйлөгөндөрдүн сап башында иш-чаранын уюштуруучуларынын бири катары А.Т.Токтогуловдун куттуктоо сөзүн конгресстин катышуучулары жылуу маанайда кабыл алышты.

Бул конгресске Кыргыз Республикасынан билим берүү тармагынан 12 илимий макала жиберилген:

1. Токтогулов Асылбек Токтогулович - КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы. "Кесиптик лицейде окутуунун ар түрдүү уюштуруу формаларын колдонуу".

2. Догдурбек Назар - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы. "Педагогикалык окуу жайда кадрларды даярдоодогу коомдук гуманитардык билимдин мааниси жана функциялары".

3. Асирдинова Толкун Жолдошевна - К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрайымы. "Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде инклюзивдик билим берүү".

4. Кошбаев Алманбет Бекжанович - Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы. "Социалдык жетим балдары социалдык жактан коргоо".

5. Маткеримов Нурбек Төлөнбаевич - Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин гуманитардык факультетинин доценти. "Школьный рэкет в Кыргызстане: состояние и пути решения".

6. Маткаримова Миновархан Шарабидиновна - Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы. "Окутуучулардын тарбиялык ишмердүүлүктөрүн уюштуруунун педагогикалык шарттары".

7. Арзыбаев Тыныстан Кадырович - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кесиптик бирлик комитетинин төрагасы. "Кыргызстанда социалдык педагогдордун ишмердүүлүгүнүн калыптануусу, илимий методдору".

8. Дуйшеналиев Жумабек Сапаралиевич - Кыргыз билим берүү академиясынын кесиптик бирлик комитетинин төрагасы. "Мультимедиалык билим берүү технологиясы: музыкалык маданиятка тарбиялоонун заманбап каражаты катары".

9. Чокморова Айнура Мырзабековна - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин чет тилдер кафедрасынын башчысы. "Англис тили сабагын өтүүдө “5 E s” ыкмасынын колдонулушу".

10. Бөтөнөев Жолдошбек Советбекович - Ош мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультетинин чыгыш таануу кафедрасынын доценти. "Кыргызстандагы басмачылык кыймыл: жаңыча көз караш. ( ХХ кылымдын 20-30-жылдары)".

11. Абдыракунова Жылдыз Сатаровна - К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысы. "Мугалимдин башталгыч класстын ата-энелери менен биргелешип иштөө ишмердүүлүгү".

12. Дайырбекова Динара Мелисовна - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Лингвистика кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу. "Кептин түрлөрүнүн бүгүнкү абалы жана алардын колдонушундагы айрым маселелер".

Секцияларда илимий докладдардын диапазону абдан кенен болгонун белгилеп кетүү зарыл. Бардык докладчылар өздөрүнүн макаласы менен башка катышуучуларды тааныштырып, жогорку деңгээлде сөз сүйлөшүп, пикир алышып, суроолорго жоопторун беришти.