Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Эл аралык кызматташтык

Профсоюз - илимий өнүгүүгө шарт түзөт!

Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан “Түрк дүйнөсүнүн педагогикалык жана социалдык (коомдук) илимдери боюнча" 4чү Эл аралык конгресси өз ишин улантып жатат. Кконгрессте  кыргыз делегациясынын мүчөсү, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы  Маткаримова Минавар Шарабидиновна "Окутуучулардын тарбиялык ишмердүүлүктөрүн уюштуруунун педагогикалык шарттары" деген темадагы өзүнүн илимий макаласы боюнча баяндама жасады.

Тармактык кесиптик бирлик тарабынан   профсоюз мүчөлөрүнүн илимий макалаларынын эл аралык иш чараларда такшалуусуна мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жаткандыгы  кубанаарлык иш аракет экендигигин белгилөө менен, конгресс тууралуу маалыматты жеткирип, жогорку деңгээлде уюштурулган эл аралык иш чарага катышууга , андан сабак алып, тажрыйба алмашууга шарт түзгөн Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Токтогулов Асылбек Токтогулович жетектеген  Борбордук Комитетине терең ыраазычылык билдиребиз!

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун кесиптик бирлик комитети