Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Методикалык жардам

Татыктуу эмгекке - татыктуу эмгек акы

2023-жылдын 12-сентябрында Сүлүктү шаардык комитети тарабынан шаардагы билим берүү мекеме жетекчилерине жана билим берүү бөлүмүнүн аппарат кызматкерлерине “Эмгек акынын туура төлөнүүсү”, “Эмгек мамилелерин жөнгө салууда эмгек келишимин түзүлүшү” жана “Убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчаларынын төлөнүшү” темаларынын алкагында окуу семинары уюштурулду.

Семнарга билим берүү бөлүмүнүн башчысы Джапарова Назира Махаматкуловна, билим берүү бөлүмүнүн аппараты жана усулканаа кызматкерлери, баардык жалпы билим берүүчү, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышышып, семинар пайдалуу болду.

Кесиптик бирликтин шаардык комитетинин төрагасы Кудаяров Канатбек Сапарович алгач эмгек келишими, эмгек акы жана кызматкердин укугу боюнча видео материалдар менен тааныштыруу аркылуу, пайда болгон суроолорго кеңири жооп берди. Аягында тарификациялык тизмени даярдоо жана тарификацияга тиешелүү маалыматтардын тизмегин көрсөтүп, эмгек акынын туура эсептелишине эң биринчи кезекте тарификациянын туура түзүлүүсү маанилүү экендигин баса белгиледи.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Сүлүктү шаардык комитети