Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Методикалык жардам

Иш кагаздарын жүргүзүү

2023-жылдын 5-июнунда КР Билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети тарабынан Ысык-Көл областтынын Тоң районун Тоң айылындагы “Кызыл Гвоздика” ден-соолукту чыңдоо борборунда  “Кесиптик бирлик комитеттеринин иш кагаздарын жүргүзүү” аталышындагы окутуу-семинары болуп өттү.

Окутуу-семинарына Ысык-Көл областтынын райондук, шаардык жана жогорку окуу жайынын кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары жана эсепчилери катышышты.

Окутуу-семинарды КР Билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетининкаржы бөлүмүнүн башчысы Н.Абикова алып барып, каржы иштери боюнча иш кагаздарын кандай жүргүзүү керек экендиги жөнүндө кеңири маалымат берип, практикалык жардамдарды көрсөттү.

Билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Уставынын талаптарына ылайык кесиптик бирлик комитеттеринин каржылык ишмердүүлүктөрүн камсыз кылууну жакшыртуу максатында, кесиптик бирлик комитеттеринин каржылык эсептөөлөрдү жүргүзүүнүн азыркы мезгилдеги талаптарын эске алуу менен КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин 2015-жылдын 23-декабрындагы президиумунда, № 3-5 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын билим жана илим  кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитеттеринин  каржылык саясаты” нускамасы боюнча каржылык иштерди алып баруу жагы кесиптик бирликтин райондук, шаардык жана жогорку окуу жайларынын кесиптик бирлик комитеттеринин төрагаларына жана  эсепчилерине тапшырылды.

Семинар практикалык иштер менен айкалышып, кызыктуу суроо-жооптор менен коштолду. Ошондой эле кесиптик бирлик комитеттери тарабынан тажрыйба алмашуулар да болду.

 

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети