Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Методикалык жардам

Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүндө аткарылган иш-чаралар

28-апрель Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата Аксы районундагы билим берүү мекемелеринде бир катар иш-чаралар болуп өттү. Аталган иш-чараларга кесиптик бирликтин Аксы райондук комитетинин төрагасы С.Камчыбеков катышты.

2023-жылдын 25-апрелинде А.Бегимкулова атындагы жалпы орто мектебинде “Спорт-ден соолуктун булагы” деген темада эстафета өткөрүлсө, 26-апрелинде Ж.Бекболотов атындагы балдар чыгармачылык үйүндө “Апам, атам жана мен, китеп окуйбуз баарыбыз тең” аттуу сынагы болуп өттү.

Ал эми 27-апрелде жардамга муктаж болгон ардагерлерге жардам берүү иш-чарасы уюштурулуп, Баетов кочөсүнүн тургуну Уулкан апага көмөк көрсөтүлдү. Жана ошондой эле 28-апрель күнү “Ак куу” балдар бакчасында “Спорт-ден соолуктун булагы” аттуу иш-чарасы өтүп, аталган бала бакчада көп жыл эмгектенип азыркы учурда ардактуу эс алууда жүргөн эжекелерден кабар алынды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Аксы райондук комитети