Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Методикалык жардам

Борбордук комитеттин кызматкерлери Кемин районунда

2023-жылдын 3-4-майында  КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин аппарат жетекчиси Б.Кадыркулов жана уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Э.Кулназарова кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин 2023-жылдын 26-апрелиндеги №35 буйругунун негизинде Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кемин райондук комитетинин кесиптик бирликтин Уставдык талаптарын аткаруу боюнча жүргүзүп жаткан иштери менен таанышуу жана практикалык жардамдарды көрсөтүү боюнча иш сапары менен Кемин районунда болушту.

Иш сапардын жүрүшүндө кесиптик бирликтин Кемин райондук комитетинин жүргүзгөн иштери менен таанышып, социалдык өнөктөшүбүз Кемин райондук билим берүү бөлмүнүн башчысы  А.Бедельбаева менен жолугушуп, кесиптик бирлик комитети менен бирдикте кызматкерлердин социалдык абалдарын жакшыртуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалымат алышты.

Андан сырткары башкы эсепчи жана экономисти менен КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-марты, №181 токтому  "Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнун шарттары жонундо" токтомунун аткарылышы боюнча келип чыккан суроолорго жооптор берилип, практикалык жардамдар көрсөтүлдү.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин борбордук комитети