Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Методикалык жардам

Билим сапатын жогорулатуунун ыкмалары

2023-жылдын 1-августунда №3 Н.Орозалиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 37 мектеп жетекчилери жана 52 алдыңкы мугалим, 11 кесиптик бирлик лидери чакырылып райондо “Билим сапатын жогорулатуунун ыкмалары” деген темада семинар өткөрүлдү. Семинарга райондогу сегиз айыл аймагынан жана мекеме уюмдарынан өкүлдөр, кесиптик окуу жайлардын окутуучулары, ата-энелер мектебинен, менчик билим берүү мекемелеринен окутуучулар чакырылды.

Семинарды райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Баймуратов Атамырза Эргешович ачып, семинардын максаты тууралуу сөз кылды. Анда райондо билим сапатын канткенде жогорулатабыз, бардык кесиптештер сунуш-пикирин ортого салып, бүгүнкү семинарда айтыла турган ачык-айкындуу пикирлер эртеңки биздин окуучулардын келечеги үчүн чоң пайдасын тийгизет деген оюн билдирди.

Алгач КР Эмгек сиңирген мугалими Рысбаева Салима Абыловна өзүнүн сөзүндө мугалим өзүнүн үстүндө иштөөнү жогорулатуусу зарыл деп билдирди. Ал үчүн окуучуну өзүнүн сабагына кызыктыруу, мен өзүмдүн окуучуларымды алдыга алып чыгам деген максатта өзүнүн билим деңгээлин жогорулатышы керек деди. Өткөн мезгилдеги ийгиликтерге токтолуп азыркы учурда кантип кемчилдиктердин пайда болуп жаткандыгын айтып, акыл наасат сөздөрүн айтып өттү.

Менталдык арифметика менчик мектебинин жетекчиси Токтогулова Махабат окуучулардын ичинде таланттуулары бар, жалпы окууга тартуу үчүн аларга жакшы билим берүү аркылуу туура багытты көрсөтө алсак ошону менен бирге эле ата-эне менен тыгыз байланышта болушубуз керек деп өзүнүн иш тажырыйбасынан бөлүштү.

Оштогу “Сапат” лицейинин мугалими Шамырзаев Илгиз, Жалал-Абад “Сапат” лицейинин мугалими Сатаров Абдыкадыр, Ала-Бука педагогикалык коледжинин мугалими Кадырбекова Айпери да жакшы ой-пикирлери менен бөлүшүштү.

Жалпы семинарга катышып жаткандар ой-пикирлерин ортого салышып негизи тема боюнча талкуулоого түшкөн көп маселелер камтылды.

Семинардын аягында кесиптик бирликтин Ала-Бука райондук комитетинин төрагасы Ж.Дурусалиев бардык айтылган ой-пикирлерге кошулду. Өзүнүн иш тажырыйбасы менен бөлүшүп жатып, билим, тарбия берүүдө ар бир мекемеде ынтымак болуусу зарыл деп бардыгын ынтымакка чакырды. “Сиздер өзүңүздөр көрүп билип жүргөн алдынкы ынтымагы жакшы мектептерде улуусун кичүүсү угат, бири-биринин кемчилигин айтса туура кабыл алуу менен оңдогонго арекетин көрөт, мактаса мактоону көтөрө билет. Мындай ынтымактуу жамаатты окуучу да урматтоо менен угат. Биз акыркы мезгилде кудайдан жөө качкан деген сөзгө теригип жаман пикирде калуудабыз. Бул сөздүн маанисин ойлонушубуз керек, кимге таандык экенин Сиздер жалпы жамаатка туура жеткирүү менен түздөнүшүбүз керек. Бул сөз жалпы мугалимге эмес экендигин баамдап тийиштүүлөрдү тарбиялашыбыз зарыл” – деди. Бүгүн сиздер көтөгөн маселелер боюнча кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов өзү колго алып сүйлөшүүлөрдү жүргузүүдө.

Семинарды билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Баймуратов жыйынтыктап, катышуучулар семинар жемишин берерине ынанып кайтышты.

 

Маалыматты даярдаган: семинардын катчысы: Т.Качкынбаева