Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Жыл жыйынтыктоочу жыйын

2022-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин президиумунун жыйыны болуп өттү. Президиумга борбордук комитеттин президиумунун мүчөлөрү, борбордук комитеттин пленумунун мүчөлөрү, кесиптик бирликтин областтык, шаардык, райондук комитеттеринин төрагалары жана борбордук комитеттин аппаратынын жооптуу кызматкерлери катышты.

Президиумдун жыйынын кириш сөз менен Кыргыз Республикасынын билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Т.Токтогулов ачты.

Президиумдун жыйынынын күн тартиби жана регламенти бекитилди. Президиумдун жыйынында төмөнкү маселелер каралды:

1. КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгы жөнүндө маалымат.

2. КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин 2023-жылга карата иш планы жөнүндө.

3. Кесиптик бирлик комитеттеринин жаңыдан шайланган төрагаларын бекитүү жөнүндө.

4. Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин “Позиция профсоюза” социалдык-укуктук газетасынын ишмердүүлүгү жөнүндө.

5. “Кесиптик бирликтин мүчөлөрүн окутуу боюнча кесиптик бирликтин мыкты областтык, райондук, шаардык комитети, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын жана баштапкы кесиптик бирлик комитети” республикалык кароо-конкурсунун жыйынтыгы жөнүндө.

6. КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин 2022-жыл үчүн Ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө.

7. Ар кандай маселелер.

7.1. Кыргызстан профсоюздар федерациясынын сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө.      

7.2 Кесиптик бирлик активдерин сыйлоо жөнүндө.

7.3.Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасынын эстелик кол сааты менен сыйлоо жөнүндө.

7.4. Юбилярларды куттуктоо.

Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча  “КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгы жөнүндө”  Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов доклад жасады (доклад БКнын сайтына жарыяланат).

Күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча президиум “КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин  2023-жылга карата иш планы жөнүндө” маселени талкуулады жана бекитти.

Күн тартибиндеги үчүнчү “Кесиптик бирлик комитеттеринин жаңыдан шайланган төрагаларын бекитүү жөнүндө” маселе боюнча президиум Ысык-Көл областындагы Балыкчы шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин уюштуруу пленумунун  Балыкчы шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы кылып Керимова Кундуз Медеткановнаны шайлоо жөнүндөгү 2022-жылдын 25-октябрындагы, №5 токтомун, Ысык-Көл областынын Тоң райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин уюштуруу пленумунун  Тоң райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы кылып Муратбек уулу Назаркулду шайлоо жөнүндөгү 2022-жылдын 15-ноябрындагы, №7 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин /Кыргызпатент/ кесиптик бирлигинин төрагасы кылып Сабыров Нурмамат Маматжановичти шайлоо жөнүндөгү 2022-жылдын 16-ноябрындагы, № 8 протоколун жана ыйгарым укуктарын бекитти.

Күн тартибиндеги төртүнчү маселе “Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин “Позиция профсоюза” социалдык-укуктук газетасынын ишмердүүлүгү жөнүндө” маселе менен ”Позиция профсоюза” социалдык-укуктук газетасынын редактору А.Адамалиев президиумдун катышуучуларына кыскача маалымат берди жана президиум мүчөлөрү бир добуштан колдоо көрсөтүштү.

Күн тартибиндеги бешинчи  “Кесиптик бирликтин мүчөлөрүн окутуу боюнча кесиптик бирликтин мыкты областтык, райондук, шаардык комитети, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын жана баштапкы кесиптик бирлик комитети” республикалык кароо-конкурсунун жыйынтыгы жөнүндө” маселе каралды жана анын жеңүүчүлөрү аныкталды.

1. “Кесиптик бирлик мүчөлөрүн окутууну уюштуруу боюнча кесиптик бирликтин мыкты областтык, райондук жана шаардык комитети” номинациясы боюнча республикалык кароо-сынагынын женүүчүлөрү болуп табылып, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты:

1. КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин төрагасы - Бɵтɵкɵв Завиридин Насирович (ноутбук, диплом);

2. КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областынын Алай райондук комитетинин төрагасы - Абдыкадыров Акылбек Кунаевич (ноутбук, диплом);

3. КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Чүй областынын Москва райондук комитетинин төрайымы - Эсенканова Татьяна Владимировна (ноутбук, диплом);

4. КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Чүй областынын Токмок шаардык комитетинин төрайымы - Жумалиева Дамира Рысбековна (ноутбук, диплом);

2. Кароо-сынакка активдүү катышкандыгы үчүн диплом жана кызыктыруучу белектер менен сыйланышты:

1. КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областынын Өзгɵн райондук комитетинин төрагасы - Мырзамидинов Ибраимберди Шамшиевич (телефон, диплом);

2. КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областынын Кадамжай райондук комитетинин төрагасы - Момошов Абдуалим Юнусалиевич (телефон, диплом);

3. КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областынын Кара-Суу райондук комитетинин төрайымы - Исраилова Нуржан Абдираимовна (телефон, диплом);

4. КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад облустук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин техникалык эмгек инспектору - Айдаров Абдираим Чоңахунович (телефон, диплом);

3. “Кесиптик бирлик мүчөлөрүн окутууну уюштуруу боюнча баштапкы кесиптик бирлик комитети " номинациясы боюнча республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү болуп табылып жана диплом, баалуу белектер менен сыйланышты:

1. Жалал-Абад областынын Ноокен районунун Момбеков айыл аймагындагы №22 “Гүлкайыр” мектепке чейинки билим берүү уюмунун баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы - Машаева Кыял Жигиталиевна (планшет, диплом);

2. Жалал-Абад областынын Ноокен районунун №6 Арал орто мектебинин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы - Эргешова Алтынай Эгемовна (планшет, диплом);

3. Ош Мамлекеттик Университетинин бириккен кесиптик бирлигинин төрагасы - Саттаров Абсамат Эрмаматович (телефон, диплом);

4. Талас областынын Кара-Буура районунун Аманбаев айылынын №3 “Өмүр” мектепке чейинки билим берүү уюмунун баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы -Адигинеева Элмира Жоробековна (телефон, диплом);

4. "Кесиптик бирлик мүчөлөрүн окутуудагы жана кесиптик бирлик кадрларын даярдоодогу мыкты окутуучу " номинациясы боюнча республикалык кароо-сынагынын женүүчүсү болуп табылып, диплом жана баалуу белектер менен сыйланды:

1. КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигининЫсык-Кɵл областынын Жети-Өгүз райондук комитетинин төрагасы - Молдокматов Өмүрбек Кыдырганович (планшет, диплом).

Президиум мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин 2022-жылга карата Ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө” маселени карашты жана ал Ардак наамдарды ыйгаруу тууралуу чечим кабыл алышты.

Ардак наамдардын ээлери төмөнкүлөр болушту:

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин социалдык жана экономикалык таламдарын жакшыртууда кошкон  алгылыктуу иштери үчүн социалдык өнөктөштөрдөн:

1. “Жылдын Бакайы” - Арыков Таланбек Каналбекович, Чүй областынын Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы

2. “Жылдын Датка Айымы” - Садыкова Элмира Аманатовна - КР Президентинин Нарын областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары,

3. “Жылдын Мырзасы” - Асанкожоев Максат Жеңишович, Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы.

Тармактын кесиптик бирлик кыймылына кошкон чоң салымы, социалдык өнөктүктү бекемдөөдө жана билим берүү мекемелериндеги кызматкерлердин укугун, кызыкчылыгын коргоодо ийгиликтүү, жемиштүү эмгектери үчүн:

1. “Жылдын Бакайы” - Момошов Абдуалим Юнусалиевич, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областынын Кадамжай райондук комитетинин төрагасы,

2. “ Жылдын Датка Айымы” - Райымкулова Ырыс Жазыбаевна, Талас областындагы “Барчын” балдардын ден соолугун чыңдоо борборунун директору,

3. “Жылдын Мырзасы” - Ажыбаев Залкарбек Керипбаевич, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областынынТогуз-Торо райондук комитетинин төрагасы,

4. “Жылдын Айымы” - Дайырбекова Динара Мелисовна, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин бириккен кесиптик бирлик комитетинин казначейи.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитеттин президиумунун жыйынында ар кыл маселелер каралды.

Алардын ичинде Кыргызстандын кесиптик бирлик иштерине активдүү катышкандыгы үчүн Кыргызстан профсоюздар федерациясынын 27-сентябрь 2022-жыл, №7/3 токтомунун негизинде “Кыргызстан профсоюздарына кызмат кылгандыгы үчүн” төш белгиси менен Камчыбеков Сагынбек - Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областынын Аксы райондук комитетинин төрагасы, Джамантаева Бегимкан Абировна- Билим берүү жана илим кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин Нарын областынын Жумгал райондук комитетинин төрайымы жана Курманбекова Бурул Курманбековна – Ысык-Көл областындагы Балыкчы индустриялык- педагогикалык колледжинин  кесиптик бирлик комитетинин төрайымы сыйланышты.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин социалдык, экономикалык, укуктук таламдарын коргоо иштерине кошкон олуттуу салымы жана кесиптик бирлик кыймылына сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин “Билим, илим профсоюзунун отличниги” төш белгиси менен сыйланышты:

Керималиев Келдибек Калканович - Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Нарын областынын Ат-Башы райондук комитетинин төрагасы,

Сатындиев Мирбек Дакенович - Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Нарын областынын Ак-Талаа райондук комитетинин төрагасы,

Ташмаматов Кубанычбек Парпиевич - Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областынын Чоң-Алай райондук комитетинин төрагасы,

Саттаров Абсамат Эрмаматович - Ош мамлекеттик университетинин бирикен кесиптик бирликкомитетинин төрагасы,

Солпиев Нурбек Кеңешбекович - Билим берүү жана илим кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин Талас  областынын Бакай-Ата райондук комитетинин төрагасы,

Абдыжапарова Рыстай Максүтовна - Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Талас областынын Кара-Буура райондук комитетинин төрайымы,

Абдраимова Айшабүбү Садыгуловна - Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Чүй областынын Панфилов райондук комитетинин төрайымы,

Урбаев Улан Шаймергенович - Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ысык-Көл областынын Ысык-Көл райондук комитетинин төрагасы.

Кесиптик бирликтин активине КР Билим жана илим кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин  төрагасынын эстелик кол сааттары тапшырылды:

Бегматов Анарбай Турдубаевич - Жалал-Абад областтык кесиптик бирлик  комитетинин  уюштуруу бөлүмүнүн башчысы;

Аттокуров Мамбет Аттокурович - Ош областтык кесиптик бирлик комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы;

Койчуманова Жылдыз Мааметовна - И.Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик технологиялык  университетинин Токмок шаарындагы академик Х.А.Рахматулин атындагы филиалынын директору;

Ташмаматов Кубанычбек Парпиевич - Чоң-Алай райондук кесиптик бирлик    комитетинин  төрагасы;

Бараханов Таалайбек Омурзакович - Бишкек шаардык кесиптик  комитетинин  төрайымынын орун басары;

Догдурбек Назар - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы;

Байсубанов Учкун Карыбекович - К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик  университетинин бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу;

Закиряева Назгуль Эсеевна - Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик   бирлигинин борбордук комитетинин социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы.

Андан кийин юбилейлерин белгилеп жаткан кесиптик бирлик комитеттеринин төрагаларына куттуктоолор айтылып, куттуктоо папкалары жана баалуу белектер тапшырылды.

Президиумдун жыйынында күн тартибинде каралган бардык маселелер боюнча тиешелүү токтомдор кабыл алынды.

Ушуну менен Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин президиумунун жыйыны өз ишин аяктады.

 

Маалыматты даярдаган: Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

ФОТО ОТЧЕТ: http://tradeunion-ed.kg/ru/foto_otchet/kesiptik-birliktin-prezidiumu-2022.html