Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Жаңы жылыңыздар менен!

Урматтуу мугалимдер, билим берүү кызматкерлери, Сиздерди Жаңы жыл майрамыӊыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Азыркы учурда эгемен өлкөбүздүн билим берүү системасында 194 миӊден ашуун кызматкерлер эмгектенишет, алар: бала бакчалардын тарбиячылары, жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери, жогорку, орто кесиптик окуу жайлардын жана лицейлердин профессордук-окутуучулар курамы.

Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинен ар бир бешинчи сом билим берүү системасына жумшалат, бул-дүйнөдөгү алдыңкы көрсөткүчтөрдөн. Анткени, биздин өлкө билимге салынган инвестиция эч качан жоголбосун, анын кайтарымы сөз жок болоорун жакшы билет. Ошондуктан, элибизде: “Окуу – билим азыгы, билим – ырыс азыгы” деп айтылат. Мамлекет билим берүү системасынын кызматкерлеринин айлык акыларын тынымсыз көтөрүп келе жатат, алардын башка социалдык маселелерин чечүү үчүн колдон келген бардык аракетин жасоодо.

Биздин Борбордук Комитет жана анын жер-жерлердеги органдары профсоюз мүчөлөрүбүздүн татыктуу эмгек менен камсыз болуусу, аткарган иштерине карата мезгил талабынан калышпаган эмгек акыларды алуусу, эмгектенүү жана жашоо шарттарын жакшыртуу, тармактык профсоюзубуздун маалыматтык камсыздалышын өркүндөтүү, жаштар саясатын кеңири жайылтуу, мүчөлүк уюмдардын уюштуруу-финансылык биримдигин бекемдөө, эл аралык профсоюздук кыймылга кошулуу багыттарында алгылыктуу жана ырааттуу иш алып келе жатабыз. Мындай эмгек адамдарына арналган ишмердүүлүктөр мындан ары да улантылмакчы.

Кымбаттуу мугалимдер жана билим берүү кызматкерлери! Сиздердин ишиӊиздердин үзүрүн балдарыбыз, жалпы өлкөбүз көрө берсин! Баарыӊыздарга чыӊ ден соолук, узак өмүр жана бакубаттык тилейм!

Жаңы жылыңыздар менен!

 

А.Токтогулов, Кыргыз Республикасынын билим берүү

жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы