Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Урматтуу асылзат айымдар, энелер, апалар, эже-карындаштар!

Сиздерди элдик салтка айланып, жаздын келишин жана жашоонун манызын ачкан 8-Март-Аялдардын эл аралык тилектештигинин күнү майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын! 

Аялзатындагы аруулук, сулуулук, назиктик, кажыбас кайрат менен эмгектенип жаткан аялзатына сыймыктанам. Өзгөчө өлкөнүн эртеңки келечегинин пайдубалын куруп, келечек муундарга билим – тарбия берип келе жаткан аялдарга башымды ийип таазим этип, аларга майрамдык маанай, бакты таалай каалаймын! 

Сиздердин коомдогу ордуңуздар илгеркиге караганда алда канча кеңейип, аялзатынын вазийпасы үйдө гана эмес саясатта, экономикада, ишкердикте мамлекеттик өнүктүрүүдө улам жогорулап, аялдар демократиялуу Кыргыз мамлекетин сактоодо чоң салым кошуп келе жатасыздар.

Аялзатынын акылмандыгы, улуулугу, сулуулугу, асылдыгы, назиктиги – баарыбыздын көркүбүз жана сыймыгыбыз! Биздин элибиздин келечеги да бар, бактысы да зор, себеби биздин асылкеч аялдарыбыз мекендин, коомдун жана ар бир эр азаматтын жан шериги, баарыбызга жанган шам чырак болуп. өмүрүбүздү узартып, көнүлүбүздү көтөрүп турат.

Сиздерди дагы бир жолу чын дилимден куттуктап, аялзатына дагы бир жолу таазим этип, элибизге бейпилдик, жерибизге береке тилеймин.

Сизерди ар дайым бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк зор бакыт коштоп жүрсүн!

 

Асылзат аялзатын урматтап,

Сүлүктү шаардык билим берүү кызматкерлеринин

профсоюзунун шаардык комитетинин төрагасы                                    К.С.Кудаяров