Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Тɵраганын иш сапары Кара-Сууда болду

Кыргыз Республикасынын Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин тɵрагасы Токтогулов Асылбек Токтогулович 2015-жылдын 14-ноябрь күнү Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз активи менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндɵ тɵрага, Борбордук Комитет тарабынан аткарылып жаткан иштерге токтолуп, мындан кийинки аткарыла тургун иштер боюнча маалымат берди. Бүгүнкү күндɵ Республика боюнча окуу китептери, кадр маселеси жетишпей проблема болуп келе жаткандыгына токтолду. Ошондой эле окуучулардын билим сапатын, мугалимдин укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин кɵтɵрүү багытында сунуштарын берди.
Окутуу ɵзбек тилинде жүргүзүлгɵн мектептерде айрыкча жогорку 8-11-класстарда кыргыз тилиндеги китептердин жетишпей жаткандыгы жɵнүндɵ айтылды.
Райондук билим берүү бɵлүмүнүн алдында уюшулган усул каанада эмгектенип жаткан усулчулардын эмгек акылары тɵмɵн бойдон калып кеткедиги, аларга мугалим катары пед. стаж үчүн эмгек акы тɵлɵнбɵй жаткандыгы сɵз болуп ушул маселе боюнча жардам беришти тɵрагадан суранып кетишти.
Жолугушуунун аягында мектептерде уюштурулган профсоюз канааларынын заман талабына ылайык жабдылганы иш кагаздарынын иреттүүлүгү, эс алуу каасындагы түзүлгɵн шарттарды кɵрүп, ыраазычылык билдирди.