Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Нооруз майрамыбыз кут болсун!

                                      

                              Урматтуу билим берүү жана илим тармагынын кызматкерлери!

                                                    Ардактуу кесиптик бирлик мүчөлөрү!

                     Сиздерди байыркы Нооруз майрамыбыз менен чын дилимден куттуктаймын!

 

       Эзелтен Нооруз - тирүүчүлүктүн, жаратылыштын  жаңылануусунун жана жакшы тилектердин майрамы. Байыркы бабаларыбыз 21-мартта күн менен түн  теңелип, жыл тогошкон маалда Жаратканга, Тирүүлүккө, Жашоого таазим эткен. Жарыкчылык түндү, жылуулук суук ызгаарын жеңген сыяктуу, чындык жалганды, жакшылык жамандыкты жеңет деп тилек кылган. Жер айдап,  үрөн сээп, келечекке,  жакшылыкка умтулган. Араздашууларын токтотуп, таарынычтарын кечирген. Дасторкон жайып, жаркын маанай менен жакындарына, досторуна жана коңшуларына жакшы тилектерин, каалоолорун билдирген.

       Нооруз майрамы азыркы учурда жаңы башаттардын, жаңы тилектердин, жаңы идеялардын башталышы катары замандын агымына жараша айрыкча шарттарда белгиленүүдө. Бул жагымдуу күндөрдө Ала-Тоо жергебизде алма менен өрүк гүл ачып,  бак-дарактар  бүчүр байлап, баба дыйкандар кош айдап, үрөн сээп, талаалар жашыл түскө оронуп, жаратылыш жаңыланып, адамдар алга карай жакшы үмүттөр менен карашат. Көп улуттуу элибиздин ар бир жаранынын жүрөгүндө Ата Мекенге болгон сүйүү артып, жашоосун жакшылык ыроолоп, бир үй-бүлөдөй  биримдик менен бир туугандык орносун деген аруу тилегибиз ишке ашсын.

       Ар бир өлкөнүн келечеги билим берүүнү өнүктүрүүгө байланыштуу болот. Анын деңгээли инсандын жана улуттардын заманбап дүйнөдөгү социалдык статусун аныктайт. Билим берүү коомду модернизациялоонун объектиси гана эмес, анын субъекти, кубаттуу рычагы жана ички ресурсу болуп эсептелет, себеби ал коомдук өнүгүүнүн процессинде улуттун интеллектуалдык жана руханий дараметин топтоонун жана өнүктүрүүнүн негизги фактору болуп саналат .

       “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун 2021-жылдын 12-октябрындагы Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын жана “Башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алууга балдардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткарууда республиканын ар бир билим берүү тармагында эмгектенип жаткан кызматкерлерибиз өз салымдарын кошуп келишүүдө.

        Келечек муундарды тарбиялап жана билим берип жаткан билим берүү тармагынын кызматкерлерине берекенин, кенендиктин, бейпилдиктин ыйык күнү болгон Нооруз майрамы  ар бириңиздердин үйүңүздөргө кут, ишиңиздерде ийгиликтерди,  үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келишин каалаймын!

Дайыма жүзүңүздөр жарык, маанайыңыздар ачык болсун! Жараткан жалпыбызды колдосун!

 

 

 

Урматтоо менен,

 

 Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

 кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин

 борбордук комитетинин төрагасы                                  А.Токтогулов