Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Мыйзамдык укуктарын коргоодогу иш чаралар жана ыкмалар

Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиумуна коюлган маселе боюнча аппараттын укук иштери боюнча башкы инспектору Б.Кадыркулов март айында Ысык-Көл областына караштуу Ак-Суу, Түп райондук жана Каракол шаардык профсоюз комитеттеринде билим берүү кызматкерлеринин мыйзамдык укуктарын коргоодогу  иш чаралары жана ыкмалары жөнүндө маселени жеринде текшерип көрүп аталган маселелер боюнча бир катар иш аракеттер көрүлүп жаткандыгын белгилейт.

Жогоруда аты аталган райондордо жана шаарда эмгек мыйзамдарын турмушка ашырууда райондук, шаардык профсоюз комитеттери, баштапкы профсоюз уюмдары билим берүү бөлүмдөрү жана мектептердин администрациялары менен биргеликте иш жүргүзүшүп жаткандыгы белгилүү болду. Кызматкерлерди ишке кабыл алуу жана бошотуу мектеп администрациялары аркылуу жүргүзүлгөндүктөн бул багыттагы буйруктарды чыгарууда кемчиликтер бар экендиги аныкталды жана ал жетекчилерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, консультациялар берилди.

Ак-Суу райондук профсоюз комитети жана баштапкы уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын  Эмгек кодексинин статьяларына, «Эмгек мамилелериндеги социалдык өнөктөштүк», «Билим берүү жөнүндө», «Мугалимдердин статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык иш берүүчүлөр менен эки жана үч тараптуу келишимдерди кабыл алышып, анда мугалимдердин иштөөсүнө, эс алуусуна шарт түзүү, кызматкерлердин мыйзамдык укуктарынын сакталышын камсыз кылуу жана социалдык маселелердин чечилиши боюнча иштерди аткаруу каралган. Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин президиумунда, райондук билим берүү бөлүмүнүн коллегиясында жогорудагы аталган маселелер күн тартибине киргизилип, талкууланып, дайыма биргелешкен көзөмөл жүргүзүлүп келүүдө.

 Райондогу Мамакеев, Киров атындагы мектеп-гимназияларында, Алышбаев, Ракымов, Сооронбаева, Истамбеков атындагы орто мектептеринде жаш мугалимдерге колдоо көрсөтүү, эмгек акылардын жана стимфонддун туура эсептелишине жетишүүдө мактоого арзырлык иштер бар. Райондогу баштапкы профсоюз уюмдары тарабынан мектеп администрациясы тарабынан буйруктардын чыгарылышы, эмгек китепчелердин өз убагында талаптагыдай толтурулушу көзөмөлгө алынып, кетирилип жаткан кемчиликтер болсо аны биргелешип жоюунун үстүндө аракеттер көрүлүп келүүдө. Райондогу Жаңы-Арык, Эшимбеков, Туратбеков, Мамытов атындагы орто мектептеринде номенклатуралык иш кагаздар менен иштөө маселеси дайыма көңүлдүн борборунда болуп, аталган мектептерде райондук семинарлар өткөрүлүүдө.

Тилекке каршы райондогу М.Калиев, Осмонов, Асанбаев атындагы орто мектептеринде пенсионер мугалимдер менен иш жүргүзүүдө, алар менен эки тараптуу келишимдерди кабыл алууда бир катар так эместиктер кетирилген жана баштапкы профсоюз уюмдары бул маселени көзөмөлгө алышпагандыгы текшерүү учурунда аныкталды.

Түп райондук профсоюз комитети билим берүү кызматкерлеринин мыйзамдык укуктарын коргоодогу  иш чаралары кабыл алынган жылдык пландын негизинде жүргүзөт. Эмгек мыйзамдуулугунун сакталышы мектеп администрациялары менен профсоюздук уюмдардын кабыл алышкан келишимдеринин негизинде турмушка ашырылууда. Мисалга алсак 2014-2015-окуу жылы ичинде профсоюз уюмдары 13 иштеген адамдардын эмгектенүү укуктары калыбына келтирилип, тиешелүү сааттары бөлүнүп берилип, 3 профсоюз мүчөсү кайрадан кызматтарына орношушту. Район боюнча мектеп директорлоруна, директордун орун басарларына, соцпедагогдорго райондук билим берүү бөлүмү тарабынан буйруктар чыгарылып ишке кабыл алынат, ал эми мугалимдерге мектеп директору тарабынан буйруктар чыгарылат. Текшерүу учурунда бул маселе боюнча мыйзам бузуулар жок экендиги аныкталды.

 Бирок, райондогу Үсөнбеков, Шевченко, Мамырканов, Ашымов, Карымшаков атындагы орто мектептеринде профкомдор тарабынан бул иштер такай көзөмөлгө алынып жакшы жолго коюлса ал эми Каркыра, Баатырбаев, Ынтымак жана Исмаев атындагы мектептерде бир катар кемчиликтер орун алган. Буйруктардан жазылышы түшүнүксүз жана атайын кабыл алынган эрежелерге дал келбейт.

Каракол шаардык профсоюз комитети, шаардык билим берүү бөлүмү жана  шаардык мэрия тарабынан  кол  коюлуп бекитилген 3 тараптуу макулдашуунун негизинде өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.  Билим берүү  кызматкерлеринин укуктук кызыкчылыктарын коргоо боюнча мыйзамдуулуктун сакталышына  планда каралгандай өз учурунда көзөмөл кылуу менен мыйзамдык-укуктук жагдайларды жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын “Билим  берүү жөнүндө”жана “Мугалимдердин статусу жөнүндө”  мыйзамдарынын талаптарын аткаруу боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө олуттуу талаптарды коюлуп келүүдө. Каракол шаардык профсоюз комитети Каракол шаарынын  мэриясына, депутаттар корпусуна бир нече жолу кат менен кайрылган, тынымсыз аракеттердин натыйжасында 2 жылдан бери шаардык бюджеттен 100 миң сом бөлүнүп берилип, Түп районундагы «Маяк » эс алуу жайында мугалимдердин 3 күндүк эс алуусу салтка айланган. Ал эми 1млн. 29миң сом шаардын ар бир мугалимине 1000 сомдон коммуналдык кызматтар үчүн кошумча төлөм катары РЭСке которулуп жатат.

 Шаардык профсоюз комитети менен  билим берүү  бөлүмүнүн биргелешип иштөөсүнүн негизинде тажрыйбалуу окуу бөлүмүнүн башчыларынан жана эсепчилерден турган тарификациялык комиссия  түзүлүп, мугалимдерди тарификациялоонун тууралыгын текшерүү менен кетирилген кемчиликтер жеринде оңдолуп,  тиешелүү  кызматкерлерге эскертүү берилип турат. Билим берүү мекемелеринде жетекчилердин кадрдык иш кагаздарынын эмгек мыйза-мынын чегинде аткарылышын текшерүү максатында  мектеп жана мектепке чейинки бардык уюмдарды текшерип, анын жүрүшүндө эмгек келишимин түзүүдө жана өздүк курам  боюнча буюртмаларды жазууда эрежеге ылайык келбеген кээ бир каталар кетирилип жаткандыгы байкалды. Мисалы: №5-бала-бакчада иштеген Жумакеев Урмат кароолчу болуп 15.02.2014-жылы кабыл алынып, буйрук китебине жазылган, бирок эмгек китепчесинде кабыл алынганы тууралуу жазылган эмес. Кетирилген каталардын дагы бири- буйруктарды кыргызча жазуудан кетирилип жаткандыгы болбосо одоно  кемчиликтер жокко эсе. Мындай учурда жеринде көрсөтмө берилип, пайдалуу кеп-кеңештер айтылды.

  Ошону менен катар эле кээ бир  жетекчилердин  алгылыктуу иш алып барып жаткандыгы кубандырбай койгон жок. Каракол шаарындагы текшерилген №2, №3, №11, №4- билим берүү мекемелеринде эмгек китепчелеринин кыймылы боюнча  атайын журнал ачылган.  Буюртма китепчесинде берилген буйруктар өз убагында китепке түшүп турат жана керектүү жазуулар (сыйлоо, алкыш, келим-кетим) эмгек китепчесиндеги жазуулар менен дал келет.  Педагогикалык курамды эсепке алуу китеби-мында ар бир мугалимдин билими, качан келгени, дипломдун №, стажы, курсту качан өткөн, аттестациядан өткөн маалы жана анын жыйынтыгы, наамы-сыйлыктары так көрсөтүлгөн. Мектептин профсоюз комитетинин иш кагаздары ойдогудай-ар бир отурум, чогулуштардын токтомдору өз учурунда жазылып турат.

Текшерилген райондордо жана шаарда райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин иш кагаздары да каралды. “2014-жылы эмгек мыйзамдуулугун камсыз кылуу маселелерин караган президиумдар өткөрүлгөн жана ал чогулуштарга тиешелүү жетекчилер чакырылгын жана токтомдор кабыл алынган.

Жогоруда текшерүү учурунда аныкталган кемчиликтерди четтеттүү боюнча райондук, шаардык профсоюз комитеттерине сунуштар берилди жана бул маселе Борбордук Комитеттин президиумунда каралгандан кийин баштапкы профсоюз уюмдары менен иш жүргүзүүнү жакшыртуу жагы көңүл борборунда болуу табалы айтылды.

 

 

 

 

О. Молдокматов