Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Мугалимге арноо ырлар

  1.  Бар болгула!

Буйруса, аманчылык болуп турса,

Буурул өң дагы далай атат таңдар,

Турпатыңар кебелбес аска –зоодой,

Турмушта тоо суусундай шар аккандар!

 

Нускалуу билим, илим, тарбиядан

Нур чачып теребелге жанат шамдар,

Жалпыңа байсалдуу сапар каалайм

Жапжарык, даңгыр жолдо бараткандар!

 

Эмгектин эбегейсиз далили бул,

Эскирбес, өлбөс-өчпөс тарыхсыңар,

Жүздөрдү бырыш басып кыйма-чийме,

Күмүштөй жаркылдаган аппак чачтар!

 

Ош МУ болуп изденип өскөн жери,

Опол тоодой эмгекти жараткандар,

Бааңар бийик ар бириң асылдарым,

Бар болгула, залкарлар, жаратмандар!

 2. Ырахмат тагдырыма

Агай деп учурашып калган кезде

Жакшы сөз дайым жакшы эскергенге,

Үйрөткөн, билим берген, окуткан деп

Ырахмат мага салам бергендерге!

 

Кубанып жашоо керек ушуларча:

Биз байбыз эс акылдуу кыз-уулдарга,

Жаратып келечеккке үмүттөрдү

Ырахмат өсүп жаткан муундарга!

 

Өрнөктүү өмүр сүргөн максат менен

Берилет эрте-кечтир баа адамга,

Жүрөктөн чыккан жылуу сөзүн айтып

Ырахмат эмгегимди баалаганга!

 

Жашоомду окшоштурам күүгө, ырга

Эч жеткис тереңине, акырына,

Сүйдүрүп мугалимдик кесибимди

Ырахмат насип эткен тагдырыма!