Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Мектептин профкомдун төрагалары менен жолугушуу

    2016-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогулович менен бирдикте Бишкек шаардык комитетинин төрайымы Султанбаева Гульшан Улукмановна мектептердин профкомдордун төрагалары менен жолугушу болду.

      Күндүн биринчи жарымында №90 толук эмес орто мектебиндеги  жолугушуу жогорку деӊгээлде өттү. Жолугушууда мектептин директору Кулушева Джамиля Султанбековна менен профкомдун төрайымы  Оморова Татьяна Евгеньевна мектеп турмушу менен тааныштырды, окуучулар менен жолугушуу болуп, мектеп жөнүндө маалыматтар берилип, профсоюздук комитет тарабынан  маселерди чечүүгө, укуктук  жардамдар берип атканын айтып өттү. Профком төрайымы Т.Оморова акыркы жылдары боюнча жүргүзүлгөн иштери жөнүндө маалымат берди.

   Күндүн экинчи жарымында жолугушу №82 жалпы орто билим берүүчү мектепте болуп  өттү. Мектепте 80 мугалим окуучуларга билим берүүдө. Мектептин директору Конушбаева Атыркуль Конушбаевна жана мектептин профкомунун төрайымы Койчуманова Айнагуль Акматбековна мектептин профсоюздук бурчу, профкомдун кабинети жана мектеп турмушу менен тааныштырып өттү. Профкомдун төрайымы А.Койчуманова профсоюздун мүчөсү мектептин мугалимдери жана кызматкерлеринин  көп суроолорун чечүүгө жардам бергенин, «Позиция профсоюза» газетасынан укук, эмгек акы тууралуу маалымат алышарын айтып өттү.  

    Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов КРнын эмгек мыйзамдуулугун сактоо, эмгек акы жана социалдык жактан коргоодо профсоюздук комитет менен мектеп администрациясынын биргиликте иш алып баруусун милдеттендирди.