Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

МАЙРАМЫҢЫЗДАР КУТ БОЛСУН!

 

Урматтуу биздин билим берүү жана илим тармагында эмгектенген эже-карындаштар, кесиптештер!

Сиздерди 8-март - Аялдардын эл аралык күнү майрамыңыздар менен куттуктайм! 

Март майрамы узак кыштын түнт күндөрүнөн кийин жарк этип тийген күндөй, карды тээп чыккан гүлдөй көңүлүбүздү ачат, жашоого дем берет.

Аялзаты эзелтеден үй-бүлө очогунун сактоочусу, элдин эркиндикке умтулуусунун ыйык символу болуп келген. Кыргыз коомунда аялдарга сый-урмат менен мамиле жасоонун салты калыптанып, алар элибиздин коомдук жана саясий турмушунда маанилүү роль ойношкон. Муундан муунга өтүп келаткан өрнөктүү салт-санааларыбызды үзбөй сактаган кыргыз аялы бүгүнкү күндө үй-бүлө ынтымагынын жана бакубаттыгынын кам көрүүчүсү болуп келет.

Жарыкчылыкта эненикине теңдеш мээрим болбойт, ошондуктан оболу бардык энелерге башымды ийип таазим этем.

Элибизде эзелтен кыз баласын дайыма төргө чыгарып, өзгөчө урмат-сыйга бөлөп келген. “Кыздын кырк чачы улуу” деген нуска сөз ар бирибиздин аң-сезимибизге терең ширелген.

Кыргыз элинин байыркы тарыхында айкөл Манасты берген Чыйырдыдан тарта Каныкей менен Айчүрөк, Жаңыл Мырза менен Кыз Сайкал, Курманжан Датка сыяктуу даанышман, каарман жана мээнеткеч аялзатынын образы калыптанган.

Жоокер заманда ач бел, куу жондо от таап, ташка нан жаап, бүт журтту сактаган да, чабышкан тараптарды жараштырган да, керек кезде эки тизгин, бир чылбырды колго алып, эл баштаган да асыл аялдар болгон.

Кыргызстандын соңку тарыхында оор сыноолорду аялдар чыдамкайлыгы жана кайраты менен жеңип келген.

Жергебизде тынчтыктын өкүм сүрүшүндө, жашоо-турмуштун бир нукка түшүп, өнүгүүгө карай бурулушунда сиздердин эмгекке баа жетпейт, асылкеч аялдар!

Эне сүтүн актаган, анын кадырына жеткен, аялзаты урмат-сыйга бөлөнгөн коом гана өсүп-өнөт.

Ардактуу энелер, кымбаттуу эже-карындаштар!

Бүгүн сиздер үчүн өзгөчө күн. Өлкөдөгү тынчтык, жакындардын амандыгы, үй-бүлөдөгү бакыбаттык - сиздерге улуу белек. Сиздер күн сайын белек алууга, урмат-сыйга бөлөнүүгө татыктуусуздар.

Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин, жаркын маанай, жакшылыктарды каалайм! Баарыңыздарга чың ден соолук, узак өмүр тилейм!

Майрамыңыздар кут болсун!

 

Урматтоо менен,

 

 Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

 кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин

 борбордук комитетинин төрагасы                                  А.Токтогулов