Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Майрамынар кут болсун

                       Кемин  районунун  Мамлекеттик  адмнистрациясынын, Кемин  райондук билим  берүү бөлүмүнүн, Билим  кызматкерлер  профсоюзунун  демилгеси  менен Кемин  районундагы  билим  берүү  мекемелеринде  иштеген  алдынкы  мугалимдердин катышуусунда    салтанаттуу майрамдык кече  уюштурулду.

                 Кечеге  Кемин  районунун  мамлекеттик  администрациясынын  башчысы  Т. У.Супатаев,Кемин райондук билим  берүү  бөлүмүнүн  башчысы З.С.Алиева ,Билим  кызматкерлер  профсоюзунун төрайымы А.Т. Чылабаева,

Кемин районунун айыл өкмөтүнүн башчылары катышып , жалпы  мугалимдерди  майрамы  менен  куттукташты. 

           Кемин  райондук  мамлекеттик  администрациясынын демилгеси  менен  Окуучулары олимпиаданын  ,Республикалык  тестирлөөнүн женүүчүлөрү  болгон мугалимдерге, акчалай  сыйлыктар тапшырылды.

            Райондо  2014-2015  окуу жылында  мыкты  көрсөткүчкө  жетишкен  “Мыкты  директор”,”Мыкты  окуу  бөлүмүнүн  башчысы”,”Мыкты  тарбия  завучу” наамы ээ болушкан “Мыкты директор”   К.Шаболотов атындагы Кара  булак  орто  мектебинин  директору Н.Тулебаева,”Мыкты окуу  бөлүмүнүн  башчысы” Ж.Садыков атындагы Кемин № 1 орто  мектебинин окуу  бөлүмүнүн  башчысы А.С.Андашова, “Мыкты тарбия завучу” Кызыл Суу орто  мектебинин  тарбия завучу К.Ибревага          акчалай  сыйлыктар жана

 Кемин  районунун  мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамоталары таршырылды.

           Билим  кызматкерлер  профсоюзунун Кемин  райондук комитетинин

Президиумунун заседаниясынын  чечими  менен мыкты профсоюз  комитеттеринин төрайымдарына,райондун алдынкы  мугалимдерине

Ардак Грамота  жана   акчалай  сыйлыктар  тапшырылды.

Майрамдык  кечеге  райондук  мамлекеттик  администрация  тарабынан

Концерт  уюштурулду. Майрамдык  маанай  тартуулагандарга  райондун  мугалимдери  терен  ыраазычылык  билдиришти.