Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

«Кыргыздын мырзайымы»

2023-жылдын 7-мартында республикалык «Жетиген» көп тармактуу-коомдук журналы 8-март – Эл аралык аялдардын күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрдү. Анда ар кайсыл тармактарда иштешкен, өзүлөрүнүн ким экенин тааныта алышкан, ийгиликтерге жетишкен айымдар журналдын «Кыргыздын мырзайымы» аттуу төш белгисине жана дипломуна татыктуу болушту.

Анда Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин кызматкерлери «Кыргыздын мырзайымы» төш белгиси жана диплому менен сыйланышты:

Тажибаева Назипакан Кадиралиевна – Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокат райондук комитетинин төрайымы;

Каарова Гүлзара Ильясовна – Ноокат районундагы Найман жалпы орто билим берүү мектебинин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы;

Маткаримова Минавар Шарабадиновна – Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы;

Карабашова Рано Мавляновна – Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитетинин социалдык маселелер жана ден соолукту чыңдоо боюнча инструктору;

Абикова Назира Коноковна – Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин финансы бөлүмүнүн башчысы.

 

Маалыматты даярдаган:  Кесиптик бирликтин Борбордук комитети