Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Кыргыз Мамлекетинде 5-март ак калпак күнү

   Кыргыз улутунун баш кийими болгон ак калпагын сыйлоо жана урматтоо максатында майрам катары белгиленген.

   Ошондуктан Кыргыз Республикасы боюнча бардык аймактарда район шаарларда жана айыл аймактарда бул күндү майрам катары белгилешет. Кыргыз элинин ак калпагы башка улуттун баш кийимдерине караганда өзгөчөлөнүп турат, айрыкча жазалышы, кооздугу менен дүйнө элдерин таӊ калтырат, башка улуттар дайыма кызыгуу менен кандай материалдан жазалышын, кандай маанини түшүндүрүүсү боюнча көп сурашаарын  СМИлер жазып келишет. Ак калпак кыргыз элинин мүнөзүн, жашоо турмушун, жаратылышынын кооздугуна жана ак пейилдүүлүгү чагылдырат.

  КРнын Жогорку Кеӊеш тарабынан бул күндү майрам катары жөн жерден эле  белгиленген эмес. Азыркы учурда ЖК тарабынан атайын мыйзам кабыл алынды. Жылдан-жылга бул майрам улуттун чоӊ майрамына айланып бара жатат. Кыргыз калпагы улуттун 500 жылдан берки баш кийими катары колдонуп келе жатат.

   Билим берүү тармагындагы бардык кызматкерлерди  5-март ак калпак күнү майрамы менен куттуктайбыз!