Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Кыргызстанды саясий полигонго айландырууну токтоткула

 

Биз Алай  районундагы билим берүү  кызматкерлеринин  профсоюзу жаңыдан чыгып жаткан “нитрат”   менен азыктанган жасалма  профсоюздардын  саясий оюндарын четке кагабыз.

            2013-жылы билим берүү тармагын  финансылоо айыл  округдарынан  райондук билим берүү бөлүмүнө  өткөндүгүнө  байланыштуу мурда мамлекеттик мекемелер профсоюзуна кошулуп жүргөн техникалык  кызматкерлер да  өз арыздарын   жазышып, биздин   билим берүү  профсоюздарына  кошулушту. Биздин катарыбыз дагы 900-1000 профсоюз мүчөсүнө көбөйүп калды.

А. Токтогулов  жетектеген  билим, илим  профсоюздарынын аброюу  Евразия, түрк тилдүү элдер жана Эл аралык уюмдарында абдан эле жогору.

            Мамлекетибиздеги  билим берүү профсоюздарына кандай эмгек жасагандыгын жумурай журт билет.

            Биздин профсоюздардын  уставында саясий   партияга аралашуу деген  болбойт  жана биз ага жол  бербейбиз. Өзүбүздүн катарыбызды ыдыратып, саясатташып, Кыргызстанды  Украинага  айландырууга Кыргызстан эли  толугу менен каршы болсо керек.

 

 

 

Алай райондук билим берүү

профсоюздар жамааттарынын  атынан.