Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Дагы бир баштапкы профсоюз уюму уюштурулду.

Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап жана Ак-Кыя айылдарында ушул мезгилге чейин бала бакча деген болгон эмес. Быйыл ноябрь айында Көк-Жар айыл өкмөтүнө  караштуу Ак-Кыя айылында биринчи жолу «Келечек муун» аталыштагы элүү (50) орундуу бала бакчанын ачылышы айылдагы чоң саамалыктардын бири болду. Жакында бала бакча пайдаланууга берилип, 50 баланы өз кучагына алса, учурда анда 16 адам эмгектенип жатат. Жаңы ачылган бала бакчада иштеген жумушчу кызматчылардан профсоюз уюмунун мүчөлүгүнө киришип, райондо дагы бир баштапкы профсоюз уюму уюштурулду. Жакын арада Жаңы-Талап айылында бала бакчанын ачылышына даярдык көрүлүп, саналуу күндөрдөн кийин ишке кирмекчи.

         «Курулган иш куру калбайт» - дегендей буюрса келерки жылдын бюджетине да кирип калат деген ойдобуз. Эң башкысы уябыз түптөлдү. «Балдардын камын көргөн эл, бактысы ташып өнгөн эл» - дегендей  балдардын келечегин ойлогон айыл өкмөтүнө, эл журтубуз менен ПРООНго ыраазычылык билдирем дейт бала бакчанын башчысы М.Мамбеткожоева.

Жогоруда айтылгандай айыл өкмөт башчысы айылдагы врачтын амбулаториянын эски имараттын балдар уясына берип чоң иш жасаган. 

Ал эми бала бакчанын башчысы Мамбеткожоева Майрамкүл бала бакчанын ички жабдууларын толуктоого ПРООН эл аралык  уюмуна жазган долбоор жактырылып, анын алкагында 185 миң сомдук каржы бөлүп, ички жабдуулар менен камсыздалган. Балдардын келечегин түшүнгөн айыл тургундарын колдоп келген колдоолорун көрсөтүшүп өз күчтөрү менен эски имаратты жаңыртып, ремонт жасашкан. Бишкекте жашаган айылдын эр азаматтары муздаткыч, жумшак эмерек сыяктуу бакчанын турмуш тиричилигине керектүү буюм-тайымдар менен камсыз кылышкан.

Айылыдык кеңештин депутаттары 20 миң сом жардам кылышып, ремонт иштерине зарыл болгон акиташ, сыр сыяктуу материалдарын алып беришкен.

 

Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси  Молдакматов Туякбек