Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Борбордук комитеттин кайрылуусу

КР Кесиптик бирликтер жөнүндө мыйзамынын, КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Уставынын, “Кесиптик бирлик уюмунун текшерүү комиссиясы жөнүндө”, “Баштапкы кесиптик бирлик уюмдар жөнүндө” жана “Аймактык кесиптик бирлик уюму жөнүндө” Жоболордун талаптарына ылайык тармактын кесиптик бирликтеринин борбордук областтык жана райшаардык комитеттердин биримдигин, тилектештигин тереңдетүү, жакшыртуу максатында иш алып барат жана мугалимдердин мыйзамдуу эмгек укуктары биргеликте корголот.

Кесиптик бирлик уюмдарынын демилгеси менен мугалимдердин укуктук, социалдык жана экономикалык жактан коргоо үчүн жамааттык келишимдерге, үч тараптуу макулдашууларга кол коюушуп, ал аркылуу бардык билим берүү уюмдары, райондук мамлекеттик администрация жана айыл аймактар менен социалдык өнөктөш болуп кызматташат, республика боюнча бардык баштапкы кесиптик бирлик уюмдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен 95-97% жамааттык келишимдер жана макулдашуулар түзүлүп, кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн кызыкчылыгыктары корголот. КР Билим берүү жөнүндө, КР Мугалимдердин статусу жөнүндө мыйзамдарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу коммуналдык чыгымдарынын төлөнүшүнө, үй салуу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү, жаш мугалимдерге 10 эсе орточо эмгек акысын бир жолу колдоо катары берилишине жамааттык келишимдердин жана үч тараптуу макулдашууларга киргизилип, анын аткарылышын көзөмөлдөп, республика боюнча бул багытта жакшы иштер арбын.

Кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүн финансылык камсыздоону жакшыртуу максатында тармактык кесиптик бирликтин ар бир мүчөсү тармактык Уставдын 79-пунктуна ылайык эмгек акысынан 1% өлчөмүндө мүчөлөк акы төлөйт. Ошол Уставдын 80-пунктуна ылайык кесиптик бирликтин мүчөсү катары ар бир айда эмгек акысынан 1% мүчөлүк акылар райондук-шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн борборлоштурулган бухгалтерирясы аркылуу кармалат. Мүчөлүк акыларды бөлүштүрүүнү аныктоо тармактык уставдын 84-пунктунда Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарына келип түшкөн мүчөлүк акылардан кесиптик бирликтин максаттарына жооп бере турган жалпы иш чараларды жана милдеттерди каржылоо үчүн жогорку кесиптик бирлик органдарына бирдиктүү пайыздагы чегерүүлөрдү жүргүзүшөт.

Тармактык кесиптик бирлик уюмдарынын мүчөлөк акыларды чегерүү тартибин жана өлчөмүн кесиптик бирликтин Борбордук комитети аныктайт деп, белгиленген. Ошондуктан КР Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин Пленумунун 19.08.2016-жылдагы №3/3-1 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизип, 2022-жылдын 1-июндан тартып, кесиптик бирликтин областтык, райондук, шаардык комитеттеринен чогултулган мүчөлөк акылардан 15% кесиптик бирликтин Борбордук комитетине которуу аркылуу жүргүзүлсүн, ал эми мүчөлөк акылардын калган 85% баштапкы кесиптик бирлик уюмдарына, областтык, райондук жана шаардык комитеттеринин иш чараларын өткөрүүгө, облрайшааркомдорунун аппаратын кармоого, эс алуусун уюштурууга, материалдык жардамдарды берүүгө жана активдерин сыйлоого облрайшааркомдордун президиуму менен бекитилген сметага ылайык жүргүзүлөт.

Борбордук комитетке которулган 15% мүчөлүк акынын бир бөлүгү биздин Эл аралык билим берүү уюмдарына мүчө болуп, аларга дагы мүчөлүк акылар төлөнөт,  алар биз Борбордук комитет тыгыз кызматташып, биздин жогорку уюмдарга мугалимдердин эмгек укуктарын жана социалдык абалын  жакшыртууга койгон сунуштарыбызды колдоп турушат. Жер шарындагы бардык тармактык кесиптик бирлик уюмдары ж.б. коомдук уюмдар негизинен мүчөлөк акылардын эсебинен өз милдеттерин аткаруу, мүчөлөрүн коргоо, өз максаттарына жетүү, тилектиештик принциби менен жашай тургандыгын билимдүүмүн деген адамдар билет болушу керек.

Кесиптик бирликтин мүчөсү катары ар бир айда эмгек акысынан 1% мүчөлүк акыларын Уставга жана жамааттык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык райондук-шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн борборлоштурулган бухгалтерирясы аркылуу кармалат. Кармалган мүчөлүк акылар облрайшааркомдордун эсебптерине которулуп туруп, андан ары чыгымдалат. Мындан тышкары ар бир акча каражатынын сарпталышын текшерүү комиссиялары текшерип турат, мына ушундай татаал жол менен мүчөлөк акылар чыгымдалып турат, мындан тышкары каражаттарды жалпы баштапкы кесиптик бирлик мүчөлөрү өздөрүнө тиешелүү каражатты ар бир тыйынына чейин көзөмөлдөп, иш чараларына алып колдонушат.

Айрым кесиптик бирлик уюмдарынын мүчөлөрү, бирөөлөрдүн бузуку сөздөрүнө кирип толук изилдебей, мыйзамдарды, жоболордун талаптары аткарылып жатабы аны анализдебей туруп, ар кандай сөздөрдү чыгарып элдин баштарын айлантып, ал эми кээ бир адамдар ага ишенип жатышпайбы.

Бул багытта кесиптик бирликтердин райшаардык комитеттердин төрагалары, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары, активдери түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп, ар бир каражат ачык-айкын колдоноорун корсөтүп туруу сиздердин жана бардыгыбыздын милдетибиз.

Кесиптик бирлик уюмдарынын Борбордук, облрайшаардык комитеттердин ар бир кыймыл аракети КР мыйзамдарынын ошондой эле Борбордук комитеттин Уставы, жоболорунун негизинде гана иш жүргүзүп жаткандыгын дагы бир жолу маалымдайт.

 

        

 Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети