Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

23-февраль - Ата Мекенди коргоо күнү

 

Урматтуу билим берүү жана илим тармагынын кызматкерлери!

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин президиумунун, аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Эгемен Кыргызстанда 23-февраль 2003-жылдын 20-январынан бери «Ата Мекенди коргоо күнү» катары салтанаттуу белгиленип келүүдө.

Жыл сайын, 23-февралда биз ардагерлерибизди жана бүгүн да Мекен сакчылыгында тургандарды урматтайбыз. Ар-намыстуулуктун жана каармандыктын үлгүсүн көрсөтүп, Мекен үчүн өмүрүн кыйган баатырларыбыздын  жаркын элесине, элибиздин улуу рухуна таазим этебиз. Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине өзгөчө көңүл буруп, аларды урмат-сыйга бөлөйбүз. Өз үйүн, Мекенин коргоо – ыйык парз, аны ар-намыстуулук менен аткаруу ар бир жарандын милдети.

Өлкөдөгү азыркы тынчтык, туруктуулук жана биримдик – бул элибиздин улуу энчиси. Тынчтык болсо, экономика өнүгөт, адамдар бейкут турмушта жашап жана эмгектенип, бакубат турмушту курушат.

Ардактуу кесиптештер!

Билим берүү жана илим тармактарынын эр азамат кызматкерлери, Сиздерди, дагы бир жолу Ата Мекенди коргоо күнү менен чын ыкласымдан куттуктаймын! Куттуу Мекенибизде, ар бириңиздердин үйлөрүңүздөрдө дайыма береке чачылып, бейкутчулук, ырашкерлик өкүм сүрүп, асманыбыз ачык болсун!

 

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын
Билим жана илим кызматкерлеринин
кесиптик бирлигини Борбордук Комитетинин төрагасы                                 Асылбек Токтогулов