Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

"Позиция профсоюза" газетасы

“Позиция профсоюза” газетасынын жаңы саны

“Позиция профсоюза” газетасынын быйылкы жылдагы жаңы саны жарык көрдү. Анда тармактык профсоюздун ишмердүүлүгүнө байланышкан материалдар бар.

Окурмандар газета беттеринен Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин “Кызматташтык салымы үчүн” медалын министр Уланбек Мамбетакунов  биздин Борбордук Комитеттин төрагасы Асылбек Токтогулович Токтогуловго тапшыргандыгы, “Ысык-Көл кабарлары” газетасынын жакындагы санына жарык көргөн тармактык профсоюздун Борбордук Комитети жүргүзүп жаткан иштер жана алдыдагы милдеттер тууралуу төрага А.Токтогуловдун макаласы тууралуу маалыматтар жана ага улай эле ошол газетага жарыяланган Кыргыз Эл Акыны Абдыжапар Эгембердиевдин А.Токтогуловго арнаган ыры мене тааныша алышат.

Газетада Аламүдүн райондук профсоюз уюмунун отчеттук кайра шайлоо конференциясы, профсоюздун Баткен, Ош жана Жалал-Абад областтык комитеттеринин жыл жыйынтыктарын чыгарган президиумдарынын жыйындары, Токмок шаарында өткөн мугалимдердин аймактык спорттук мелдеши, Жумгал районундагы О.Ногойбаев атындагы мектептеги профсоюздук кружоктун отуруму, Ноокен районунун профсоюз комитети менен Кочкор-Ата шаарынын ортосундагы социалдык өнөктөштүк, Аксы районунун №34 Н.Мешков атындагы мектептин базасында өткөн аймактык семинар, Баткен шаарында жаңыдан түзүлгөн профсоюздук уюм тууралуу кабарлар жарыяланган.

Бул жолу окурмандарга улуу агартуучу Ишеналы Арабаевдин 140, ири мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгына арналган материалдар да сунушталган.

Ошондой эле окурмандар дүйнөдөгү эң мыкты билим берген өлкөлөр, балдарды жаштайынан жакшы тарбиялоо тууралуу кабардар боло алышат.

Адаттагыдай эле “Суроо-жооп” рубрикасында эмгекти коргоого арналган суроо-жооптор бар.