Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

“Жалпыбыз бириксек күчтүү билек, ЖАМУну өнүктүрүү биздин тилек”

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун ректораты менен кесиптик бирлик комитетинин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылды «Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы» деп жарыяланган жарлыгына жана Жалал-Абад билим берүү башатынан ЖАМУга карай 100 жылдыгына карата «100 жылдыкка 100 иш-чара» долбоорунун алкагында университеттин профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлеринин арасында “Жалпыбыз бириксек күчтүү билек, ЖАМУну өнүктүрүү биздин тилек” аттуу биргелешкен иш-чарасы старт алды.

Иш-чараны өткөрүү графиги жана программасы бардык факультеттерге, орто окуу жайларга жана структуралык бөлүмдөргө үлгү катары сунушталып, кошумча өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу берилген. Катышуучулардын жалпы санына, жаш курагына чек коюлбаган, бирок убактысы 1,5 сааттан ашпоого тийиш экендиги белгиленген. Арийне, ар бир эмгек бааланууга тийиш. Иш-чараны баалоонун критерийлери белгиленип, курамы ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетинин төрайымы М.Ш.Маткаримова жана университеттин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору А.Д.Дорановалар баш болгон беш мүчөдөн турган калыстар тобу түзүлдү.

Программадагы ар бир номинация боюнча мыкты номерлер тандалып, жыйынтыктоочу гала-концертке жолдомо алып, сыйлыктарга көрсөтүлөт. Алгачкылардан болуп Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин чыгармачылык тобу көч башында иш-чараны башташты. Кочкор-Ата колледжини өнөрпоздору улантышып, Табигый-техникалык факультеттин жамаатынын программасына күбө болдук.

Манасым менен улуумун!

Ак илбирстер байырлаган Ала Тоону коргойбуз!

“Жалпыбыз бириксек күчтүү билек, ЖАМУну өнүктүрүү биздин тилек!

Калыстар калыс баалашат!

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова