Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

ОшМУ – табият таануудан жашыл экономикага жана жашыл туризмге

ОшМУда 16-апрелде “Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук  жылынын” алкагындагы “Жашыл мурас” улуттук иш-чарасы болуп өттү. Ага ОшМУнун профсоюз комитети тарабынан акча каражаты бөлүнүп, аз болсо да материалдык жардам көрсөтүлдү.

Иш-чарага ОшМУнун ректору К.Кожобеков, университеттин администрациясы, профсоюз мүчөлөрү катышышты. Окуу жана илим изилдөө процесстерин өндүрүш жана бизнес менен айкалыштыруу, студенттик стартаптарды окуу жай дайыма колдой тургандыгы баса белгиледи. ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин география жана туризм багыттарынын студенттери жана окутуучулары Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагындагы 2017-жылы сел, көчкү жүргөн жерге 200 түп дарак көчөттөрүн отургузуп, жаңгак уруктарын ташташты.

“Бул участок жергиликтүү бийлик жана биздин факультеттин ортосундагы атайын келишимдин негизинде доцент А.Аккуловдун уюштуруусунда келечекте жашыл тилкеге айланып, табият таануу, туризм жана айыл чарбасы жаатында илимий иштерди жүргүзүүчү жана практикалык сабактарды өтүүчү полигонго айланат”,- дейт ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин деканы А.Низамиев.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун КБКнын башкы адиси А.Айтыкулова