Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

59 жыл мектепте иштеген нарындык мугалим

     Нарын районундагы Жаңы-Талап айылында көп жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан Аман Сманбаев аксакал жакында 83 жашка толду.

     Белгилүү болгондой, агайдан билим алган айылдагы окуучулардын бирөө илимдин доктору, 20дан ашыгы илимдин кандидаты болушту.

     Ал 1934-жылы ушул эле айылда туулган. Нарын шаарындагы Г. Дмитров атындагы педагогикалык окуу жайын (1950), Н. В. Гоголь атындагы мугалимдер институтун (1953), КМУнун кыргыз филология факультетин (1961) бүтүргөн. 59 жыл бою мектепте мугалимдик кесипти аркалаган. 1953-1954-жылдары Талас шаарында кыргыз адабиятынан сабак берсе, калган жылдары Нарындын айылдарында мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, узак жылдар директор болуп эмгектенген.

- Иштебей калганыма 5 жылдын жүзү болду. Азыр пенсиядамын. Китеп, гезиттерди окуп, неберелеримдин сабагына жардам берем. 11 баланын, 29 неберенин, 13 чөбөрөнүн атасымын. Менин жолумду жолдоп, 8 балам жогорку окуу жайларын аяктаган. Улуусу Өрнөкбек Сманбаев И.Арабаев атындагы университеттин профессору болду. Экинчи кызым Бактыгүл Сманбаева Нарын мамлекеттик университетинин окутуучусу. Дагы бир уулум Бакыт айылыбыздагы Асанбек Табалдиев орто мектебинин директору, калгандары да ушул кесиптери менен орто мектептерде мугалим, - деди А.Сманбаев.

Аман аксакалдын жубайы Зуура Касымова эжей дагы далай жылдар мугалим болуп иштеп жүрүп, 10 жыл мурун каза болгон.

Агай 6-класстын «Кыргыз адабияты» окуу китебине авторлош жана «Жат жазуулар жыйнагы» (V–VIII класстар үчүн), «Жат жазуулар жыйнагы» (IX–XI класстар үчүн), "Кыргыздын Ала-Тоосу" деп аталган окуу-колдонмонун автору. А.Сманбаев 120дан ашык илимий - методикалык колдонмолорду жазып, мектеп тажрыйбасына сунуш кылган. Анын эмгектери өз кезегинде СССР эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүндө коло медалга татыган.

 1976-жылы  күркүрөгөн СССР учурунда «Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими» болууга арзыган.  «Нарын облусунун ардактуу атуулу» деген да наамга ээ. 2002-жылы «Кыргыз Республикасынын Эл мугалими» ардак наамына татыган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин, тармактык министрликтин, областтын жана райондун мамлекеттик башкаруу органдарынын далай Ардак грамоталары менен сыйланган. «Эмгек каарманы» жана Лениндин 100 жылдыгына арналган «Ленин 100» медалдарынын ээси болгон.