Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ченемдик-укуктук актылар

Негизги узартылган өргүүнүн узактыгы жөнүндө

Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы жөнүндө

Билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин социалдык жактан корголушун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 380-статьясын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

  1. Менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы тиркемеге ылайык белгиленсин.
  2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-февралындагы № 58 “Билим берүүчү уюмдардын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 295 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;
  4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-июлундагы № 478 “Мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдардын тармактарынын абалы жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” токтомунун 5-пункту;
  5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-июлундагы № 422 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 295 “Билим берүүчү уюмдардын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу” токтому;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 28 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-майындагы № 234 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту.
  8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
  9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                  А.У. Жапаров

 

Жүктөп алуу: Токтомдун тиркемеси